Тайырбек Сарпашев 500 гектар жайыт жерди кайтарып берүү боюнча комментарий берди

9-декабрда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан сурак берип чыкты. Ал журналисттерге 500 гектар жайыт жерди кайтарып берүү боюнча комментарий берди.

Андан журналист жер эмненин негизинде кайтарып берилгенин сурады. "Бул жайыт жерин айылда атам ижарага алган. Атамдын көзү өтүп кетип мал агаларыма калды. 30 гектар жерди дагы агаларым иштетет. Ал 2008-жылы алынган. Менин ага тиешем жок. Бул жерлер боюнча айылдан арыз келе берет. Мен саясатта жүргөндөн кийин саясий оппонеттерим бар. Бирөөнү жамандоо менен өздөрүнө пиар кылганга көнүп алгандар бар. Ушундай сөз көбөйбөсүн деп ижарага алынган жер кайтарылды", - деди ал.

27-ноябрда Финпол тарабынан Тайырбек Сарпашевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугу кабарланган.

Маалыматка ылайык, ал 500 гектар жайыт жана 30 гектар сугат жерди мамлекетке кайтарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан