Биз социалдык тармакта

Чүйдө сууга агып кетти деп изделип жаткан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Бишкекте батиринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 2007-жылы туулган Азим Жыргалбековдун сөөгү Ысык-Ата районундагы дарыядан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-октябрда милицияга анын жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Издөө иштеринин жүрүшүндө анын акыркы жолу Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган.

Учурда окуянын жагдайлары такталып жаткандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан