Президент Садыр Жапаров Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуп, анда Ак-Башат айыл өкмөтүнүн тургуну Ислан Билалов небере кызынын ким менен жашай турганы боюнча соттук талашка байланыштуу жардам сурап кайрылды.
"Келиним үйдөн кетип калды. 8 жаштагы баласын өзү менен алып кетти. 12 жаштагы неберем “мен атам менен жашайм” деп барбай койду. Кийин алар сотко берип, эки жарым жылдан бери соттошуп жатабыз. Неберемдин үнүн эч ким укпай жатат. Жардам бериңиз, сураныч",- деди Билалов.
Бул маселе боюнча Жогорку соттун өкүлү баланын пикири 10 жаштан кийин эске алынарын билдирди. Ал эми президент Садыр Жапаров ишти карап чыгып, адилеттүү чечим чыгарууну сотторго тапшырды.