Биз социалдык тармакта

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды (видео)

Нарын облусунун Жумгал районундагы Соң-Көлгө чектеш аймактарда жүргүзүлгөн рейд учурунда 500 метр эски синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, рейдди Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору менен биргеликте өткөрүштү.

Иш-чара мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу, суу биоресурстарын коргоо жана Соң-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында уюштурулганы маалымдалды.

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан