Биз социалдык тармакта

Депутат Акылбек Жапаров аскер кызматкерлеринен кечирим сурады (видео)

Социалдык тармактарга депутат Акылбек Жапорвдун аскер кызматкерлеринен кечирим сураган видео кайрылуусу тарады.

Маалыматтарга караганда, кечээ, 9-декабрда аскер кызматкерлери тегерек стол өткөрүп ага Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров да катышкан. Анын жыйынга катышуусуна буга чейин аскер адамдарынын пенсиясы тууралуу билдирген пикири себеп болгону айтылат.

Видеодо Жапаров: "Урматтуу кыргызстандыктар, күн сайын Жараткандын алдында буга чейин билип-билбей кылган жумуштарыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Бүгүн мен куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлиринин өкүлдөрү, алардын жетекчилери менен жолугуп кечирим сурадым. Эгерде пенсиялык, социалдык фонддун келерки жылкы бюджетин айтып жаткандагы ойлорум жөнүндө туура эмес сүйлөп алсам же болбосо туура эмес оюмду түшүндүрүп алганымды ал жерде тактап айтып бердим...", - деген жеринен видео токтоп калганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 4-декабрда Акылбек Жапаров "катардагы лейтенант 12 миң сом менен пенсияга чыкса, 35 жыл иштеген мугалим 4 миң 900 сом пенсия алат экен" деп парламенттик угууда билдирген.

Депутат Акылбек Жапаров аскер кызматкерлеринен кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel69
2020-12-10 13:36:36
Ар кайсы бийликтин "Кол аарчысына" айланган Акылбек Жапаровто эч бир намыс деген жок экен. Бул эки жуздуу эргул Садыр Жапаровтун кооросунда "куйругун шыйпандатып, кучуктой болуп кыншылып кызмат кылып журуптур. Мындай образдагы адамдар элге пайда алып келе турган эч бир иш жасабайт. Болгону озунун курсагын ойлогон адам бойдон калат. Суйлосо Садыр Жапаровго жагынуу максатында, Садырга төп келген идеяларды айта берип элди тажатты.
+1
Kombi
2020-12-10 18:24:11
Акыйкат караган эчким жок. Ачык айтсан жакпайсын. Азайтсын депутаттардын дагы айлыгын. Коркутпасын пенсионер аскерлер. Майып болсо бир жон
0
Kombi
2020-12-10 18:28:51
Экономиканы Жапаров жакшы билет. Бул тонкий иш. Жакшы учун журот. Жегич болсо айткыла жеген деп. Садыр Ж. билсе кармайт. Кустурат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан