Бишкек шаардык мэриясына 1 жарым миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда.
"2014-жылы Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен С.Д. Өскөмбаевге аянты 82,5 чарчы метр болгон жер тилкесине дүкөндү долбоорлоо жана куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө ижарага убактылуу пайдаланууга берилген. Бирок ижарачы келишимдин шарттарын бузуп, муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн акча төлөгөн эмес.
Ижара төлөмдөрү боюнча карыздар 2019-жылдын экинчи кварталын эске алуу менен түзүлгөн, башкача айтканда, келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин түзүлгөн. Анда бүгүнкү күнгө чейин ижарачынын карызы - шаарга 963 миң 369 сом, ага кошумча карыздын көрсөтүлгөн суммасынын 25 пайыз өлчөмүндө туум - 240 миң 842 сом жана жерди пайдалангандыгы үчүн 225 463 сомду түзгөн", - деп жазылат маалыматта.
Мындан улам Жер ресурстар башкармалыгы Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.
"Соттун 2020-жылдын 9-декабрындагы чечими менен С.Д. Өскөмбаевге карата карыздарды өндүрүү боюнча доо арыз канааттандырылып, шаардын пайдасына 1 миллион 429 миң 675,62 сом өндүрүлдү", - деп билдиришти мэриядан.
Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык жерди пайдаланган жарандардан ижара акысын өз убагында төлөөнү өтүнөт.