UFC уюмунун чемпиону, атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына маркум машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Сүрөттүн алдына Хабиб "Убакыт болгон", - деп жазды.
Маркум Абдулманап Нурмагомедов самбо боюнча 18 дүйнө чемпиондорун тарбиялап чыгарган жана ошонун аркасы менен "Гиннесстин рекорддор китебине кирген".
Эске салсак Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москвадагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон.