Социалдык желелерде экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Ушул жылдын жай мезгилдеринде Facebook социалдык түйүндөргө Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга таандык болгон видео материалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылуушуну колдогон видеотасмалар, жихатка чакырган үндөр тараган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында "экстремисттик" деп аныкталган. Бул боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 45жаштагы А.О. аттуу жаранын аныктап кармашып, убактылуу кармоо жайына киргизди", - деп жазылат маалыматта.