Биз социалдык тармакта

Ошто жигит менен кыз ата-энелери макул болбогонунан улам качып кетишти. Жаштар Садыр Жапаровдон жардам сурайт

Социалдык тармакта Ош облусунун Ноокат районунда ата-энелер жигит менен кыздын баш кошуусуна каршы болгондуктан улам, алар качып кетишкенин айткан видео тарады.

Видеодо көрүнгөндөй кыздын аты Элмира. Ал жигити менен качып кеткенин, азыр алар коркуп жатышканын айтып, тийиштүү органдардан жардам сурап кайрылган. Ал эми тасмадагы жигит президенттикке талапкер Садыр Жапаровго кайрылганын көрүүгө болот.

Бул боюнча Ош ОИИБи төмөнкүчө маалымат берди "Ушул жылдын 22-сентябрь күнү Ноокат районунун Катта-Тал айылынын тургуну 21 жаштагы С.А. жана ошол эле айылдын тургуну 19 жаштагы К.Э. RX 330 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка качып кетишкен.

Кызын ала качып кеткендиги боюнча кыздын апасы арыз менен кайрылган. Бул окуя Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кыз ала качуу" беренеси менен катталган. Учурда кыз менен бала Садыр Жапаровго кайрылган видео социалдык тармактарда тарап жатат. Алардын жүргөн жерин аныктап үйүнө кайтаруу боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматы.

Алдын-ала маалыматтар боюнча кыз менен бала кошуна өлкөлөрдүн бирине чыгып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Asanali
2020-12-11 17:30:10
Жигит Кыз бири бирин жакшы Корсо бергиледа, не озунорго окшоп жактырбай турмуш курууга мажбурлайсынар. Азыр жаштардын озуно койуп бергиле.
+38
kamchatka
2020-12-11 17:36:09
Озбек туугандарго Садыр ава тушунбоду силерди кыргызча кайрылуу кылгыла укаларым
-3
futboler
2020-12-11 17:44:44
Садыр ата жардам бер деп сурана бергиле эми баарың.
+6
Nuuman
2020-12-11 19:47:19
Никебиз бар дейт. Жаштар бактылуу болгула. Кудай кааласа ата-эненерда ыраазы болот.
+27
Antalyamanavgat
2020-12-11 20:18:34
Ассаламу алейкум Садыр Жапппаров дейт го палчанына кайрылгансып жакшына мый менен кайрыл достум
-15
Mustafo
2020-12-12 09:56:30
Antalyamanavgat,анан эмне десин галдирай бербечи
+4
make2
2020-12-11 22:00:09
Такыр тушунгон жокмун Садырды окул ата болунуз деп жатышабыы
-17
Nur777
2020-12-12 10:46:26
make2,)))))
-1
AykaMer
2020-12-11 22:41:44
Тообо,адамдар Садыр Жапаровсуз ушул күнгө чейин кантип жашап жүрдү экен?! Өз проблемаңды өзүң чече албасаң,бирөө кантип чечсин. Садыр байкенин силерден башка тоодой милдети бар КР ны карыздан кутултуу.... Кумтөр,свет,суу,ж.б проблемалар бар түгөнбөгөн. Силердин болбогон эле кылыгыңарга убакыт бөлүп жинди болду беле?! Эркек болуп качып кеткенден кийин сөзүңө жооп бер да эми, башканы аралаштырбай...
+13
Mamajanovna77
2020-12-12 10:04:48
Мени кармап алса өлтүрүп койушат.өмүрүм коркунучта дейт кыз.баланы да же өлтүрөт же каматат деп коркуп атышат да.ошого жардам сурашкан окшойт. Өзүлөрү да барып милицияга арыз жазып койушпаптыр.бизге бирнерсе болсо ошолор күнөөлүү деп.кыз совершенно летний эле экен.бирок издеген тарап күчтүү окшойт да
+6
Raihan0602
2020-12-13 00:25:11
Mamajanovna77,өлтүрөт деп ккоркуп жатса атасы жеткен дин фанаты окшойт,эне байкуш антип айталбайт. ИИМ издөө салып кайтарып берип эле койбой,кыздын укугун тебелеп жаткан атасынын да жоопкерчилигин кароо керек.
0
bekbol2006
2020-12-12 11:00:47
Бактылуу болгула!
+4
biznes
2020-12-12 11:18:43
Чоң ч*чсаңар деле Садыр дей бергиле.
0
ika8086
2020-12-12 11:38:51
Кыз менен баланы жайынына койгула.Ушунча гап создон кийин кармап алып кызды кимге эрге бересинер.Бири бирине мумкунчулук бергиле.Бала менен кыз бири бирин жакшы корот экен дуа кылып батанарды берип койгулада.Ата-энеси да ичи куйуп жаткандыр кыз баланын бул кадамга барышына,бирок кыздын тандоосунда,баланын тандоосунда эске алгыла.
+4
Adilet2014
2020-12-13 09:20:50
Эми туалетке барып чыча албай жатсаңар деле Садыр дей бергиле.
0
Dilya85
2020-12-14 18:48:39
Эки жаш бактылуу болгула!Каршы чыккан ата-энелеринер убакыт келип кечирип,кабыл алышат деген ниеттемин.Бул жашоо бир келет эн башкысы экоонор бактылуу болсонор болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан