Дөөлөт Сыдыковдун 14 сааттан ашык манас айтканына туура 1 ай өттү. "Гиннестин рекорддор китебине" кирүүсү тууралуу жубайы маалымат берди

Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннестин рекорддор китебине" кирүү аракетин көрүп эч тыным албай 14 сааттан ашык Манас айткандан бери туура 1 ай өттү.

Андан бери кандай иш-чаралар көрүлүп жатат, дегеле дүйнөлүк "Гиннестин рекорддор" китебине качан кирээри тууралуу жубайы Ырыс Окенова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бир ай ичинде көп жумуш жасалды десек болот. Анда Дөөлөт Сыдыковдун айтуучулугу, манасчылык өнөрү боюнча атайын окумуштуулардан турган топ илимий тыянак чыгарып, ошол резолюция бүгүнкү күнү кыргыз, орус, англис тилдерине которулду. Окумуштуулар Дөөлөт Сыдыковдун ушул өнөргө келүүсүн, 12-ноябрь күнү айткан манасы боюнча изилдеп кызыктуу деген маалыматтарды илимий тилде жазып беришти. Ошондой эле Гиннес уюмуна рекорд койгонун далилдеп, атайын тыянак чыгарышты. Андан сырткары ошол 12-ноябрь күнү таңкы саат 6да, андан кийин манас айтып бүтөөрү менен атайын анализдер алынган болчу. Анда манасчы айтканга чейин абалы кандай, айтып бүткөндөн кийин кандай болот деген негизде алынган анализ боюнча да илимий тыянак дагы чыкты. Ал маалымат дагы англис тилине которулуп, Гиннеске жөнөтүлүп жатат. Ошону менен бирге даректүү тасмабыз дагы даяр болуп, далил катары Лондонго жөнөтүлүп жатат. Лондон менен байланышып иштөө бир нече убакытты талап кылат экен, котормо, адистердин иши, илимий кызматкелердин иши, уюштуруу тобунун бир нече тепкичи дагы этаптары бар. Мындан сырткары, өкмөт да бул ишке өзүнүн көмөгүн көрсөтүп жатат. Анда ошол Маданият министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте мамлекеттин атынан сунушталып, Гиннес уюмуна көргөзүлүп жатат. Баса белгилеп айта кетчү нерсе, рекорддор китебинде буга чейин өзүңүздөр билгендей "манас" деген категория болгон эмес, биз тиешелүү каражаттарды төлөп биринчилерден болуп киргизип, ушул категория менен катышууга бел байлаганбыз. Буюрса жакшы жаңылык болгондо жалпы кыргыз элиме кабарлайбыз деген ишенимдебиз", - деп билдирди Ырыс Окенова.

Эске салсак, 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.

Кийин аталган китепке кирүү үчүн Дөөлөт Сыдыковдун манас айтканы боюнча даректүү тасма тартылып жатканы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baiaman997
2020-12-12 14:13:30
Убакыт аябай тез отуп жатат, как бутто бир апта откондой эле болду
+11
sultan_bek
2020-12-12 14:57:18
Манастын философиясын онуктуруш керек
+3
bond
2020-12-12 15:54:59
Алардын Гиннес китебин эмне кыласыңар Манас өзү Гиннес китебинен улук ошондуктан Гиннеске кирсе жакшы киргизбесе эч капа болбогула.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан