Бишкекте унаанын алдыңкы жана арткы терезелерин караңгылатып алган айдоочуга 5500 сом айып салынды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматы алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып алган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрь күнү милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 16:30 чамасында Салиев көчөсүндө бара жаткан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын терезелери караңгы болгондугун байкашып, текшерүү үчүн токтотушкан.

Текшерүү учурунда 1995-жылы туулган М.Ж. аттуу айдоочу унаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып алгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, айдоочуга карата протокол толтурулуп, 5500 сом айып салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2020-12-12 08:39:06
Вах.... вах... кандай гана азаматтар!!!
+2
ruslan868600
2020-12-12 09:08:56
1 эле ошол машинени көрүп калыптырбы,калганычы
+2
Mamajanovna77
2020-12-12 09:41:57
Акча бербей койсо керек да
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан