"Гуля Алмамбетова эл көзүнчө, мен жашынып сөгүнгөндү жакшы көрөм" деген пикирин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.
Анын айтымында, Алмамбетова менен көз караштары төп келбегендиктен жумуштан алган.
"Гуля Идиновна эмоционалдуу анан Бишкекти чындыгында жакшы көргөн адам. Өнүгүүдөгү кээ бир көз караштарыбыз төп келбейт. Бизди бириктирип турган Азиз Суракматов болчу. Суракматовдун командасында жалпы кызыкчылык үчүн иштеп келгенбиз. Гуля Идиновна жакшы эне, жакшы жар, бирок шаарды өнүктүрүүгө болгон көз карашы меникине төп келбейт. Жашоого болгон көз караштарыбыз да эки башка. Ал эл алдында сөгүнгөндү жакшы көрсө, мен жашыруун сөгүнгөндү жакшы көрөм. Ал кыргыздын баалуулуктары башкача жол менен өссө дейт. Мен классикалык жол менен өссө дейм. Бирок экөөбүздүн тең шаарга жакшы болсун деген, шаар өнүксүн деген оюбуз бир. Мен Гуля Идиновнаны шаардын душманы дебейм. Мен аны чакырып "кечирип коюңуз, сиз менен иштеше албайм" деп айттым. Ал коомдук жардамчы болчу, бизден айлык алып иштечү эмес. Ошондуктан мен ага сизге муктаж эмесмин деп айтып, ордуна мурдагы вице-мэр Эмил Абдыкадыровду алдым", - деди Түлөбаев.