Абдил Сегизбаев УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевдин камалышы боюнча билдирүү жасады

Президенттикке талапкер, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараевдин камалышы боюнча билдирүү жасады.

Анда Сегизбаев Чоткараевдин камалышын алдыда өтө турган шайлоо процесстерине байланыштырган.

"Коррупцияга каршы кызмат тарабынан Дүйшөнбек Чоткараевдин камалышын мен саясий процесстерге кысым жасоого аракет кылуу катары түшүнүп турам. Мен Дүйшөнбек Чоткараевдин үстүнөн башталган ишти түзмө-түз шайлоо процессине байланыштуу деп эсептейм. Себеби Чоткараев биздин штабга өз ыктыяры менен келип, бизге жардам бергенге аракет кылган. Ошол аракет башталганда 3 жыл мурун тынч жаткан, эч ким тийишпеген ишти башташты. Биринчи жолу суракка алып кетишти. Экинчи жолу СИЗОго камашты. Менин оюмча, АКСти башкарып тургандар ушундай ишти уланта берсе, жакшылык менен бүтпөйт. Булар 2005-2010-жылы болгон ыкмаларды кайталап жатышат", - деген Сегизбаев өз билдирүүсүндө.

Буга чейин дагы 27-ноябрда Абдил Сегизбаев чукул жыйын өткөрүп, анын тарапташы болгон Дүйшөнбек Чоткараевди күч түзүмдөрү кармап кеткенин билдирген. Бирок анда Чоткараев ким тарабынан кандай максатта кармалганы тууралуу так маалымат берилген эмес.

Ал эми кечээ, 13-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Simels
2020-12-14 13:17:19
Эл сүйлөсө дагы Абдил сен сүйлөбөчү, жашоо бумеранг жакында сен дагы камаласың!
+10
Apyn8793
2020-12-14 13:22:10
Ушул Сегизбаевди кандай эл колдойт болу экен?
+9
al-abu-kinesz
2020-12-14 13:45:34
Жеген учун, шакалдык кылган учун кармалып атат, а илгери силердин схеманарда ал иштер комускодо эле жургон да. Мына эми башталат чон казат!
+5
Kuban-1207
2020-12-14 14:03:01
Сегизбаев кандай неме камап салгылачы жегендерин кустуруп
+3
KAYRATBEK
2020-12-14 14:52:32
Садыр Жапаровду камаган ушул. Озу 100% билет кыныр иши ото кооп экенин,билип турат камалышын. Эми атайын Садыр Жапаровго тийишип атат. Эртеге камалса мага саясий куугунтук болду деп айтканы оной болот деп.
+5
tilek121277
2020-12-14 15:10:40
Бокту жебечи
0
bbek
2020-12-14 17:27:47
Коркок биринчи муш которот болтат да.сени атып салган адамсооп табат.мен кыргыз мамлекети учун эмне кылдым деп озуно суроо берчи анан жооп таба албасан мен айтып берем сука
+1
Taalaibek.
2020-12-14 18:50:43
Шашпасан сен дагы камайт. Эркек болсон Кыргызстандан качпай тур.
0
bekalife
2020-12-14 21:20:24
Кыйратыптырсын...Сегизбаеп!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан