Жаш эне менен 3 наристенин өрттөн каза болушу: Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болгону кабарланган. Кийинчерээк, каза болгон наристелердин бири маркум келиндин жээни экени айтылды.

Учурда өрт кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери каза болгон келин 3 баласы жана жолдошу менен кашарда жашап, мал багып жүрүшкөнүн аныкташты. Өрт кырсыгы катталардан бир апта мурда келиндин үйдөгү мешке от жагуу сунушу менен кашардын кожоюндары 1999-жылы туулган Т.А.ны жалдаган. 21 жаштагы Т.А.нын күйүүчү каражаттарды туура эмес пайдалангандыгынан улам үйдө өрт кырсыгы катталды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 135-берене (этиятсыздыктан киши өлтүрүү) менен катталды.

Бул кылмышка шектүү делинип от жаккан 21 жаштагы Т.А. кармалып, Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки тергөө амалдары улантылып жатат", - дешти мекемеден.

Ошондой эле башкармалыктан каза болгон наристелердин бири коңшусунун баласы болгонун кошумчалашты.

Окуянын чоо-жайы:

13-декабрда Новопокровкадагы кашардын жумушчусу турак үйдөгү мешке от жагам деп бензин колдонгону, мындан улам өрт чыкканы маалым болду. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши 1995-жылы туулган, 1 кыз 2016-жылы туулган, 2014-жылы, 2017-жылы туулган 2 бала каза болгондугу кабарланган.

Куткаруучулар бөлүмүнө өрт тууралуу билдирүү саат 14:36да түшкөн. Саат 14:51де куткаруучулар айтылган дарекке жетип, саат 15:14тө өрт чектөөгө алынган. Саат 20:47де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан