Депутат жогорку окуу жайларда онлайн сабак болуп жаткандыктан контракттын баасын төмөндөтүү керек экендигин айтты

Депутат Дастан Бекешев жогорку окуу жайларда онлайн сабак болуп жаткандыктан контракттын баасын төмөндөтүү керек экендигин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Окутуу онлайн ыкмасында өтүп жаткандыгына байланыштуу, келишимдик негизде окугандар үчүн окутуунун акысы төмөндөйбү? Доллардын өскөнү акы төлөп окугандарга таасир этпеши керек. Билим берүү жана илим министрлиги окутуу акысын арзандатуу укугун колго алса, жакшы болмок”, - дейт ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өз сөзүндө жогорку окуу жайлардын ишмердигине министрликтин кийлигише албасын түшүндүрдү. "Жогорку окуу жайлардын өз алдынча онлайн окутуунун инфраструктурасын иштеп чыгып, тиешелүү интернет аянтчаларын даярдашты. Санариптик кызмат төлөмдөрү, окутуучулардын айлык акылары эсептелинет", - деди Жусупбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан