Бүгүн, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алды.
62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова жарым финалда күчтүү деген орусиялык балбан Любовь Овчарованы 2:13 эсебинде жеңип, мелдештин финалына жолдомо алды. Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келет.
Беттеш бүгүн, 15-декабрда өтөт.