Биз социалдык тармакта

"Отжимание жаса" деп баласын ур-тепкиге алган атага сот өкүмү чыкты

Москвада "Отжимание жаса" деп баласын ур-тепкиге алган атага сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал жалпы режимдеги колонияда 3,5 жыл жазасын өтөйт. "Ал кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Москва шаарынын Кунцевский райондук сотунун өкүмү менен Ж.Э. жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт. Ал 3,5 жылга эркинен ажыратылды", - деп жазылды маалыматта.

17-апрель күнү интернет талаасына баласына зомбулук көрсөтүп, "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган атанын видеосу тараган. Кийинчерээк баласына кордук көрсөткөн Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталып, изделип жаткандыгы кабарланган. Баланын апасы алардын башка багар-көрөрү жоктугун айтып ыйлап, коомчулуктан кечирим сурап кайрылган видеосу да тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Paprikafm
2020-12-15 00:12:41
Мына москвада закон иштейт туптуура окум чыккан
+20
KaGaH
2020-12-15 00:47:56
Оруссияда өзүнүн орусуна условный срок берет болчу, нерусский болсоң сразу камап салышат, оруссияда жашаган мигранттар жакшы билишет бул нерсени
+7
nazira...
2020-12-15 06:19:38
Рас болуптур, эми кол көтөгүс болосун. Тооба.
+5
Baku88
2020-12-15 10:50:26
Огой уулун урган зоокурго да катуу жаза берилсин. Бул акмак оз уулун уруп соттолуп атат. Тиги акмак огой уулун урса да ээн эркин журот.
+6
Raihan0602
2020-12-15 11:09:18
Baku88,
+1
bekbol2006
2020-12-15 11:10:11
Baku88,эн туура айттын
+2
Raihan0602
2020-12-15 11:10:53
Baku88, минус басылып кетти кечиресиң сенин айтканыңа кошулам эң туура айттың
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан