Милициянын кайгуул кызматкерлери 3500 АКШ долларын таап алып ээсине кайтарып беришти. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"14-декабрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 18:00 чамасында Чыгыш Автобекетиндеги Талас-Бишкек каттамынын таксилери каттоочу жайдан капчык таап алышкан. Ичинде 3500 АКШ доллары жана айдоочулук күбөлүк, ошондой эле паспорту бар экендиги аныкталган.
Кайгуул кызматкерлери ошол замат капчыктын ээсин издеп, ошол жерде турушкан таксилерге дайындап, ээси келип калса байланышка чыгуу үчүн кызматтык унаанын №142чи борт номерин айтып, уюлдук телефонунун номурун калтырып кетишкен.
Көп өтпөй капчыктын ээси чалып, кайгуул кызматкерлерине жолугуп, капчыгын таап берген 4-ротанын кайгуул кызматкерлери, милициянын прапорщиги Токтогонов Тилек Субановичке жана милициянын прапорщиги Турабай уулу Төрөбекке рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген", - деп жазылат билдирүүдө.