- Акыркы убактарда көрүнбөй, чыгармачылыктан да алыстап кеттиңиз, мунун себеби эмнеде?
- Эми мунун себептери көп. Чыгармачылыктын үстүндө иштеп, карьерама кайтайын дегениме бир жыл болду. Бирок жан дүйнөмө жаккан, "ооба, ушул менин ырым" деп аткарып чыга турган чыгарма азырынча болбой жатат. Кеп ырдап чыга калганда эмес, чыкканга жараша жакшы чыгарманы алып чыгууда деп ойлойм.
- 6 жылдан бери эл көзүнөн оолак журөсүз, эмне менен алексиз?
- Азыркы учурда жаңы чыгармаларды жаратуунун үстүндө изденип, ошонун негизинде иштеп жүрөм. Эң негизгиси өзүмдүн жеке бизнесим менен алекмин.
- Сиз издеген, жан дүйнөңүзгө жага турган чыгарма кандай болушу керек?
- Көп эле ырларды угуп жүрөм. Бирок өзгөчө образдагы ырларды табуу кыйын болуп жатат. Кадимки ырлардан жарата турган болсом 10-15ти чыгарып коюу кыйын эмес. Ырды жаратканда жөнөкөй эмес, өзгөчө образдагы жаңы чыгарма болушу керек да. Азыркы ырлардын арасында жакшы чыгармалар деле бар. Бирок башкача чыгарма болсун деп изденип жүрөм.
- Бул жыл баарыбызга эле оор жыл болду. Карантин маалында убакытты кандай өткөрдүңүз? Ооруган жоксузбу?
- Жок, Кудай сактасын. Ооруган жокмун. Бул учурда үйдө жөн эле жата берсең дагы иммунитет түшүп кетет эмеспи, ошондуктан ден соолукту карап, спорт менен машыгып жүрдүм. Коронавирустан бир эле Кыргыз өлкөсү эмес, дүйнө эли жабыркады. Көп жоготууларга учурадык. Бул жамандыктан Кудай өзү алыс кылсын. Карантинде бир чети көп нерсени ойлонот экенсиң. Кимге кандай мамиле жасадың? Эмнеден жаңылдың? Ушул сыяктуу көп нерселерге анализ жасап калат экенсиң. Эми бул илдет элибизден батырак алыстап кетсин.
- Чындыгында өлкөбүздө ар кандай окуялар болуп кетти. Ага бардык чөйрөдөгү адамдар аралашып да жатышты. Андай учурларда сиздин да жеке көз карашыңыз болсо керек?
- Мен негизи саясатка көп кызыга бербегендиктен аралашкан жокмун. Билбейм эмнеге, бир да жолу сын-пикирлерди айткан эмесмин. Быйыл биринчи жолу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добушумду бердим. Тилекке каршы ал добуштар да жокко чыгарылды (күлүп). Өлкөдөгү болуп жаткан окуялардан кабардар болуп турам. Саясатчылардын баарын эле тааныйм. Өзгөчө ушул жылы карантинде танылбаган саясатчылардын бардыгы таанылып да калышты го. Кандай болгон учурда да эң негизгиси Кыргыз өлкөсүн оңдоп кете турган, эли-жерин сатпаган, намыстуу, туруктуу президент шайланышына тилектешмин.
- Көптөн бери күйөрмандарыңызды сагындырып жүрөсүз. Үйлөндүңүзбү?
- Жок, үйлөнө элекмин. Баарыбыз көргөндөй пандемия болуп көп зыян тартып, чоң жоготууларга учурадык. Көп иштерибиз артка кетти. Ошону менен бирге менде дагы көп пландар болчу, ошонун баарын жылдырууга туура келди. Буюрса бул кыйынчылыктар артта калып, кийинки жылды жакшылыктар менен баштап кетсек, бардык жакшы жаңылыктар алдыда.
- Айтсаңыз, жаңы чыгармаларыңызда башка тилдерде жана дуэт ырдоо планыңызда барбы?
- Сөзсүз түрдө. Бир эле жак менен эмес ошол эле кезде ар кандай стиль менен башка тилдерде (түрк, орус жана башка) ырдоо пландарым бар. Дуэт боюнча айта кетсем, буга чейин эки дуэтим болгон. Бирөөсү чыкпай калган. Айдин Шер менен "Кош сүйүү" деген чыгарма эле. Анын чыкпай калышынын себеби продюсер менен ошол ырчынын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, ырдалбай калды. Экинчи дуэт 2015-жылы биздин командада Нурзада деген кыз менен ырдаганбыз. Негизи мен дуэт аткарууга көп деле кызыга бербейм. Бирок жакшы идея, план болсо жакшы чыгарма жаратканга каршы эмесмин. Эми шоу-бизнес чөйрөсүндө да буюрса жаңы муун чыгып, жаңы жаңылыктар болот деген үмүттөмүн.
- Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
- Алдыда буюрса пландар көп. Буга чейин чыгармачылык менен алектенбей калганыма 6 жыл болду. Эч жакта ырдаган жокмун. Сахнада да, үйдө да ырдабай жүрдүм. Ушул жылдар аралыгында шоу-бизнесте чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлогом. Тилекке каршы артка кетиптир. Анткени чыныгы чыгармачылык менен эч ким иштебей койду. Азыркы шоу-бизнестегилер той форматына өтүп калышыптыр. Иштеп, акча табуу керек деген түшүнүк болуп калса керек. Анткен менен тойдо кызматта жүргөн дагы жакшы. Балким бул замандын талабына ылайык болсо керек. Мурда биз чыгып жүргөн учурларда "Сахнага кандай чыгабыз? Кандай клип жаратсак болот? Кандай чыгармаларды жаратабыз?" деген идеялар менен изденүүлөрдүн үстүндө иштечүбүз. Ошондуктан мен азыр башкача бир стиль менен өзгөртүү жасоого аракет кылам. Анын баарын азыр айтсам ишке ашпай калышы мүмкүн. Буюрса акырындык менен чыга баштайт. Чыгармачылыкты таштап коё албайт экенсиң. Анткени жан дүйнөсүндө музыка жашаган адам эч качан чыгармачылыкты таштап кете албайт экен. Эми эки жакты тең алып кеткенге аракет жасайбыз.
Маегиңизге чоң рахмат, сизге ийгилик!