Буга чейин Ысык-Көлдөгү зордукталган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан 3 айыпталуучунун райондук соттун чечимине ылайык экөөсү эркиндикке чыгып, бирөөсү 7,5 жылга эркинен ажыратылганын жазганбыз.
Бирок соттун чыгарган өкүм кагазында дал келбестик бар экенин 13 жаштагы кыздын адвокаты Айнура Асанова билдирди.
"Соттун өкүмү ар тараптан мыйзамдуу болушу керек. Колубузга райондук соттун 11-декабрда чыгарган өкүмү тийди. Бирок анда айыпталуучулардын аты-жөндөрү боюнча дал келбестиктер бар экендигин көрүүгө болот. Себеби өкүмдүн башында акталсын деген жерине С.у.Э аттуу айыпталуучунун аты-жөнү жазылып, сот залынан токтоосуз бошотулсун деген жерине К.у.Ж аттуу күнөөлүүнүн аты жазылган. К.у.Ж. негизи 2-декабрдагы чыккан өкүм боюнча бошотулган болчу, бирок 11-декабрда чыккан өкүмдө да кайрадан эле анын аты-жөнү жазылып жүрөт. Буга биз эч кандай юридикалык баа бере албайбыз, аны тиешелүү органдар карап чыгып, өз баасын берет деп ишенебиз. Учурда биз облустук сотко кайрылып жатабыз",- деди Асанова.
Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде 13 жаштагы кыздын 6 ай бою 3 айылдашы тарабынан зордукталып жүргөнү тууралуу маалымат чыккан. SUPER.KG порталы аталган айылга барып окуянын чоо-жайы менен таанышып кайтты.