Дүйнө Кубогу: Бекболот Мырзаназар уулу турнирдеги жүрүшүн токтотту

Бүгүн, 17-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүп жатат. Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталган беттешке эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары алгачкы атаандаштары менен килемге чыгып жатат.

Мелдешке 57 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге күрөшүү үчүн беларустук балбан менен кез келди. Кыргыз балбаны атаандашынан бир топ активдүү болуп, алгач 2 упай алды.

Экинчи бөлүктө дагы Бекболот активдүү күрөшүп жатып ыкма жасоо аракетин көргөндө, тилекке каршы, атаандашы упай алып кетти.

Муну менен кыргыз балбаны турнирдеги жүрүшүн токтотсо, беларустук балбан коло байге үчүн күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан