Биз социалдык тармакта

Төрөлгөндө уурдалып кеткен румыниялык кыз 25 жылдан соң өз ата-энесин тапты

Румыниялык үй-бүлөдөн уурдалып, америкалык жубайларга багып алууга берип жиберилген Белле Барбу аттуу кыз арадан 25 жыл өткөн соң өз ата-энеси менен жолугушту. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Барбуну мындан 26 жыл мурда Юта штатында жашаган үй-бүлө багып алган. 8 жашка толгонунда асыранды экенин уккан. Ага өз ата-энеси андан баш тарткандыгын айтышкан. Ушундан кийин ал Румынияда төрөлгөндүгүн билген.

2019-жылы Барбу Фейсбуктан багып алынган румыниялык балдарга ата-энесин таабууга көмөктөшө турган топту таап алган. Кат жазган соң кийин аталган топ кызды 20 жаштагы бир тууган иниси Мойс менен байланыштырган. Иниси аркылуу Барбу башка бир туугандары, ата-энеси тууралуу билген. Арадан 3 апта өткөн соң кыз биологиялык ата-энеси менен телефондон сүйлөшүп, алардын Римде жашай тургандыгын билген.

1994-жылы Барбу төрөлгөндө ата-энеси кедей болушкан. Аларга дарыгерлер кызды ооруп калганын, бир нече күндөн соң анын чарчап калгандыгын айтышкан.Чындыгында кыз башка үй-бүлөгө сатылып кеткенин кыздын ата-энеси билген эмес.

"Ата-энемдин айтымында, алар ооруканадан кетип бара жатканда артынан медайым чуркап барып, мени дарыгерлер уурдап сатып жибергенин билдириптир. Аны уккан ата-энем акыркы акчаларын коротуп шаардагы баардык жетимканаларды кыдырып чыгышкан экен. Бирок арадан бир жыл өтүп алардын акчасы да түгөнүп, издегенге башка жер калбай калып, үмүттөрүн үзгөн экен",- дейт Барбу.

Ата-энеси менен жолугууну каалан Барбу 2019-жылы Римге алардын жанына барып кайткан. Эми пандемия аяктап, чек аралар кайрадан ачылгандан кийин жакындары менен дагы көрүшүүнү каалай тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Missing-u
2020-12-18 00:54:06
Эч бир тируу жан ата энесинен ажырабасын
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан