Дүйнө Кубогу: Арсалан Будажапов акыркы секундда жеңишти алдырып жиберди

Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүп жатат. Бул күнү эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары алгачкы атаандаштарына каршы килемге чыгышууда.

Мелдешке 79 килограмм салмакта килемге чыккан Арсалан Будажапов 1/8 финалга чыгуу үчүн словакиялык Ахсарбек Гулаев менен кез келди. Эки балбан тең мыктылыгын көрсөтүп, биринчи бөлүк 3:0 эсебинде словакиялык балбандын жеңиши менен аяктады.

Экинчи бөлүктө Арсалан активдүү болуп, 4 упай алууга жетишти. Беттеш бүтөрүнө 3 секунд калганда словакиялык балбан Арсалан Будажаповдун артына өтүп, 2 упай алып кетти.

Арсалан Будажаповдо коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан