Трамптын штабы кайрадан шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты

Дональд Трамптын штабы АКШнын Жогорку Сотунан Пенсильвания штатындагы шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууну талап кылды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Трамптын жактоочулары добуш берүүнү тааныбай тургандыгын айтышып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Буга чейин аталган штаттын тургундары Трамптын атаандашы Жо Байденге көп добуш бергени көрсөтүлгөн.

Эске салсак, 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болуп өтүп, анда Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышып, ага 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болгон. Жыйынтыгында Жо Байден жеңип чыккандыгы жарыяланган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан