"Италияга келгенимдин себеби - айлык акымдын аздыгы, балам чоңойгон сайын акчага муктаждыгым көбөйдү" дейт аталган өлкөдө эмгектенип жаткан мекендешибиз (маек)

SUPER.KG порталы алыста жүргөн мекендештердин бейнеси, учурдагы абалын, аталган өлкөдөн алган таасирлери тууралуу баяндап берүүнү улантат. Бүгүнкү каарманыбыз Клара Адылова учурда Италиянын Неаполь шаарында эмгектенип жатканын айтып, аталган өлкөдөн алган таасирлери, кызыктуу окуялар, эмне себептен ал жакка кеткендиги тууралуу айтып берди.
Клара Адылова 1976-жылы 19-августа Кара-Балта шаарынын Ак-Башат айылында төрөлгөн. Бишкек Педагогикалык колледжин аяктап, кенже балдардын мугалими кесибине ээ болгон. Бишкек Гуманитардык университетинин сырттан окуу бөлүмүндө, Китеп иши факультетин аяктаган. 2003-жылдан 2018-жылдарга чейин Жусуп Турусбеков атындагы шаардык 2-китепканада китепканачыдан баштап, китепкана башчысына чейин эмгектенген. Үй-бүлөлүү, бир уулдун мээримдүү энеси. Азыркы учурда Италиянын Неаполь шаарында эмгектенип жатат.

— Италиянын кайсы шаарында жашап жатасыз? Ал жакка барганыңызга канча убакыт болду жана кандай жагдайда кеттиңиз эле?

Мен Италияга 2018-жылы ноябрь айында келгем. Бул жакка келишимдин себеби турмуш шартка байланыштуу. Айлык акымдын аздыгы, балам чоңойгон сайын акчага муктаждыгым көбөйгөнүнөн келгем.
Италияда курбу кызым 10 жылдан бери иштеп жүргөн. Ал Кыргыз өлкөсүнө келген сайын Италияга чакырып жүрчү. Балам кичине, бара албайм деп жүрчүмүн. 2018-жылы курбу кызым Дамира Кыргыз өлкөсүнө эс алууга келип калды. Уулум Айдар 5-класста окуп жаткан, чоңоюп өзүнө тың болуп, көп нерсени түшүнүп калган чагы. Андан соң ал чонойгуча иштеп, "үйлүү болушум керек" деген максатта көздү жумуп, белди бекем бууп, алыскы Италияга барып иштеп келем деген чечим чыгардым. Биринчи бул чечимге апам каршы болду. "Барбай эле койчу балам, Кудай буюрса үйгө да жетесиң, башың аман болсо баары болот" деп эне баласын өзүнөн алыс чыгаргысы келбейт экен да, ошентип акыры макул болуп, атам экөө, бир туугандарым баталарын берип узатып калышты. Курбумдун таанышы туристик агенттикте иштейт экен. Ошол жактан Италияга 2 аптанын ичинде документтеримди толуктап тапшырып, 1 аптада виза ачылып, тез эле колума тийди. Алматыдан Украина-Киевке учтук, андан Римге келдим. Андан соң азыркы иштеп жаткан Неаполь шаарына келип калдым.

— Эмне жумуш кыласыз? Сыр болбосо, айлык маянаңыз жөнүндө айтсаңыз.

Азыр жолдошум экөөбүз чогуу бир үйдө абышка, кемпир багып иштейбиз. Абышка 87,кемпир 85 жашта, үй жыйнап, тагыраагы бардык үйгө тийиштүү жумуштарды аткарабыз. Жолдошум 800 евро, мен 750 евро маяна алабыз. Бизге жакшы мамиле кылган үй-бүлө, өзүбүздүн үйүбүздө жүргөндөй жүрөбүз.

— Италияда кыргыз боордошторду бириктирген атайын уюм барбы? Алар менен жолугуп турасыздарбы?

Келгениме аз эле болду. Уюмдар бар деп угам, бирок аларга жолуккан жокмун.

— Чет элде жүрүп, сиз туш болгон кызыктуу окуялар жөнүндө баяндап өтсөңүз.

Мен кызыктуу окуяларга туш болгон жокмун. Мага жеңил, жолум шыдыр болду. Тез эле жумуш таап, иштеп кеттим. Анткени жаңы келгенде курбу кызым аркылуу тааныштар көп болуп, кыйынчылыктар болгон жок. Кызыктуу окуялар көп болот экен. Уккандарыман бирөөнү баяндап берейин. Жаңы Кыргыз өлкөсүнөн келгендер, биринчи үй жумуштарында колдонулуучу сөздөрдү жаттап үйрөнүшөт. Бир таанышыбыз сөздөрдү жаңы жаттап жүрүптүр. Жумуш чыгып калып, жаңы жумушка барат. Кирип барып эле "Mangiare" деп эле, күлүп калат экен. Жумушка алып барган тил билген таанышы күлүп, италия тилинде сүйлөп жатса, дагы бирөө чыкса эле баягы "манжаре" деп айтат имиш. Тиги таанышы эмне деп эле жатат деп тигилердин көзүнчө эч нерсе айта албайт. Сөзүн уланта берет. Тиги тил билбеген таанышыбыз, дагы бирөөнө "манжаре" дейт. Алар болсо күлүп эле бир аздан соң коё беришет. Өз тилдеринде тиги тил билген таанышы бир кезде "эй эмне деп эле жатасың жанатан бери? болду эми десе", "мен учурашып жатам да" дептир таанышыбыз. Анда "Buongiorno (кутман күн дегенди билдирет) десе, "Апей, унутуп калган турбаймынбы" дейт. Көрсө киргенден баштап ал бала "тамактанабыз...тамактанабыз...тамактанабыз" деп эле айта бериптир. Көрсө "кутман күн" деген сөздү "тамактанабыз" деген сөз менен алмаштырып алыптыр (күлүп).

— Италиянын сизге калтырган таасирлери...

Италияга келгенимден бери, жашоого болгон көз карашымда чоң өзгөрүүлөр болду. Жашоомо тереңирээк ой жүгүртүү менен карап калдым. Башка эл, башка жер адам баласына таасирин бербей койбойт экен. Бул жактын эли сылык. Тааныса, тааныбаса да учурашып, күлүп, көңүлдүү жүрүшөт. Бул элдин жөнөкөйлүгүнө, туура жана тартиби, убактысы менен тамактанганына аябай баа бердим. Өз убагында эс алууну, ден-соолукка кам көрүүнү ар бир жараны колдоно билет. Бул жактан өзүмдү чыйрак сезип, өзүм үчүн жашаганды үйрөндүм.

— Коронавирус илдети дүйнөнүн булуң-бурчуна жетти. Азыркы учурда Италияда абал кандай? Кадимки жашоо образына кайтыңыздарбы?

Вирус боюнча бул жакта биринчи жолу аябай кыйын болуп, көп адамдар кайтыш болду. Үй жыйнап жолдо жүрүп иштегендер 2 ай карантинде үйдө отуруп калышты. Ал эми жумушунда жатып иштегендер жумуштан чыкпай иштешти. Азыр 2-толкун 2 аптага карантин болду. Бирок мурункудай кырдаал болгон жок. Күн тартиптери убакыт боюнча кыскартылды. Эң жакшысы бул жакта тартип каттуу сакталат. Кандай закон чыгып, жарыяланса сөзсүз түрдө аткарууга аракет кылышат. Адамдар бет кабы жок көчөгө чыгышпайт.

— Кыргыз өлкөсүнө качан келейин деп турасыз?

Кудайым буюрса, Кыргыз өлкөсүнө эми 3 жылдан кийин барабыз.

— Тил үйрөнүүдө кыйынчылыктар болсо керек...

Тил үйрөнүүдө кыйынчылыктар азыр деле бар. Азырынча үй жумуштарына байланыштуу гана сөздөрдү билем, кенен сүйлөгөндү үйрөнүп жатам. Жаттаган сөздөрүмдү унутуп калып, сүйлөбөй туруп калган кездерим деле болуп калат.

— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Аман-эсен өлкөбүзгө келип алыңыздар!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel69
2020-12-21 14:28:06
Батышты жамандап жаткандар коруп алгыла. Канча деген жарандарыбыз батышта жан багып, жакшы турмуш коруп келе жатышат. Ошондуктан Батыш тарака отуш керек. Батыштын жашоо турмушун уйронуш керек
+4
Nursul
2020-12-21 14:47:49
Asel69, үйрөнбөй эле ошол өлкөгө кирип алгыла да. Батыштын чыгыштын маданиятынын бизге кереги жок өзү деле марожни болуп атканда аларды турасак каша эле болуп калат. Батыштынбы чыгыштынбы жакшы жактарын карап жаман жактарын келтирбесек жакшы болот ар жакты туурай берип өзүбүздүн маданиятыбыз каша болуп ататко.
+2
Apyn8793
2020-12-22 09:48:50
Жыргаганыбыздан тентип жургонубуз жок, ойлойт окшойсунар ушундайлар чыгып айлык жакшы деп калышса эле " Оо, жашоо аякта укмуш турбайбы" деп, жок, бир жагынан жакшы болгону менен калган жагынан эзет. Айла жоктон эле журосун да. Уйум бутсо кичине акча топтоп алып кетем, урдум Маскоосун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан