Биз социалдык тармакта

Путинге кат жазган 7 жаштагы бишкектик Рустам Ташматовго белек келди

Орусиянын президенти Владимир Путинге тула таттуусун белек кылуусун суранган Бишкек шаарынын кичинекей тургуну Рустам Ташматовдун өтүнүчү аткарылды. Бул туурасында баланын атасы Алишер Ташматов кубанычы менен Фейсбук баракчасына бөлүштү.

"Жаңы жылдын алдында кыялдар орундалат! Болгону ага ишенүү керек. Уулум тула таттуулары менен досторун жана пенсионерлерди коноктоду. Ал эми таттуу жетпей калгандарга Владимир Путиндин өзүнчө берген таттууларынан бере турган болду. Күтүлбөгөн белек үчүн орус кондитерлерине рахмат", - деп жазган атасы.

Белектер боюнча Рустам Ташматов ютубдагы жеке өзүнүн каналына да видео жүктөгөн. Анда ал атасынан "Бул белектер Путинден эмеспи",- деп сураган. Анын суроосуна атасы, тула таттуулары Орусиянын кондитерлер союзунан келгенин айткан.

Белгилей кетсек, Бишкектин 7 жаштагы тургуну Рустам Ташматов Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жазган. Анда ал "Газпром" же "Роснефть” компанияларынын акционери болгусу келерин жана тула таттуусунун даамын татып көрө электигин жазган.

Путинге кат жазган Рустам Ташматовго тула таттуулары келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
JaneEr
2020-12-21 17:06:27
Айиий атасынын катына жооп келиптирда,атасы акционер болгусу келсе керек)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан