Бир жыл мурда жеке концертин өткөргөндөн бери сахнадан алыстап кеткен куудул Гүлжайна Атаканова ак өргөлүү болду. Куудул айым менен байланышканыбызда ал ак өргөсүнө той өткөрүп, калың элден бата алганын айтты.
"Мындан бир ай мурда Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 2 бөлмөлүү батир алдым. Баасы 62 миң доллар болду. Акырындан эмеректерди алып, үйдүн ичин толтуруп жатам", - дейт ал.