Биз социалдык тармакта

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыйлап кайрылуу жасаган окуучу кызга жардам берилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыйлап видео кайрылуу жасаган 9 жаштагы окуучу кызга жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган окуяны Камчыбек Ташиев өз көзөмөлүнө алып, анын тапшырмасы менен УКМКнын кызматкерлери Кемин районуна барып, окуучу кызга жаңы жылдык белектерди жана азык-түлүктөрдү тапшырып келишкен.

Ошондой эле, кыздын кайрылуусунда айтылган маселе боюнча атайын түзүлгөн комиссия иш алып барып жаткандыгы, жыйынтыгы боюнча маалымат бериле тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, интернетке Кеминдеги №1 орто мектебинин окуучусунун УКМКнын төрагасына ыйлап кайрылуу жасаган видеосу жарыяланган. Анда ал апасын мектеп жетекчилиги шылдыңдап, анын айынан апасы эс-учун жоготуп кулагандыгы боюнча айткан. Ошондой эле окуучу кыз алардын үй-бүлөлүк шарты начардыгын, үйүндө азык-түлүк жок экендигин кошумчалаган.

9 жаштагы кыздын Камчыбек Ташиевге ыйлап кайрылган видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Mashyrbek
2020-12-22 13:48:26
Чыныгы мекенчил Лидер Ташиев эл менен
+13
Asel69
2020-12-22 14:54:53
Чынында мындай видеолор атайлап жасалып даярдалат. Тешиевти кичинекей белек кылып боорукер адам кылып пиярлап жатышат. Садыр да ошондой ыкма менен иштеп жатат. Уят силерге. Садырды Россия деле колдобойт. Россия колдобосо Кыргызстанда кризис кымбатчылык.
-15
madina.87
2020-12-22 15:01:40
Asel69,ниетиңди оңдочү бай болгур
+12
Baiaman997
2020-12-22 18:27:26
madina.87,бул Тенирчилердин ниети эчкачан онолбойт
+6
Tynar1213
2020-12-22 17:51:45
Asel69,сенин оозундан эч жакшы соз чыкпайт окшойт ар дайым ьир нерсеге нааразысын туулганына деле нааразы болсон керек
+5
tilek121277
2020-12-22 21:07:18
Asel69,бир туз суйлогон кунун болбой экен да
+2
sultan_bek
2020-12-22 14:59:21
Ташиевтин кезектеги жасалма пияры. Бир мешок ун менен жалпы кыргыз элине озун пиярлап жатат.
-8
medo
2020-12-22 15:05:53
Оозунар менен орок оро бербегиле, Ташиев буга чейин деле колунда жокторго жардам берип келген!!
+14
Jeenbek.
2020-12-22 15:35:00
Каяктагы пиар эркекче эле сразу жардам бериптир, Аллах ыраазы болсун, Ташиев буга чейин эле коп жардам берген элдерге
+14
nazira...
2020-12-22 19:27:13
Мектепте мугалим болсо неге башка мугалимдер басиырлайт, не может быть. Тескерисинче жардам беришсе керек. Шүгүр кылалычы, баарына шүгүр, чексиз шүгүр кылалы.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан