Бүгүн, 22-декабрь, шейшемби. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.
Вице-спикер кызматтан кетүүнү чечти
Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештеги вице-спикерлик кызматынан кетүүнү чечти. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз калоосу менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечимин кабыл алды. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү" , - деп жазылат билдирүүдө.
Мирлан Бакиров 2017-жылы бул кызматка келген. Ал эми Уланбек Исмаилов аттуу депутат быйылкы жылы сентябрь айында мандатка ээ болгон.
Буга чейин Аида Касымалиева вице-спикерликтен кетет деп айтылып жаткан. Ал тургай депутаттар кол топтоп жатканы дагы белгилүү болгон.

"Коопсуз шаар" долбоору "Жоопсуз шаар" болду. Депутат Момбеков "Коопсуз шаар" долбоорун сындады
Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда депутат Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоорун сындады.
"Жол кырсыгы 18 пайызга азайды деп айтып жатасыңар. Ички иштер министрлигинин коллегиясында былтыркы жылы 9 айдын жыйынтыгы боюнча жол кырсыктары республика боюнча 12 пайызга көбөйгөн. Өлгөндөрдүн саны 9 пайызга көбөйгөн деп айткан. Быйылкы жылдын 9 айында былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгы 496 адам каза болуптур. Былтыркы жылы 429 адам каза болгон. Силер "Коопсуз шаар" долбоору максатына жетти деп айтып жатасыңар. Мунун максаты негизги жол кырсыктарын, адам өлүмдөрүн азайтуу болчу. Азайбаса кантип максат аткарылат? "Коопсуз шаар" долбоору - жоопсуз долбоор. Бул коммерциялык долбоор деп эки жыл каршы туруп келген үчүн көрбөгөн куугунтукту көрдүм. Президентке чейин чакырып алып "Коопсуз шаар" долбоорун көтөрбөчү деп айтты", - дейт ал.
"Коопсуз шаар" долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирген.
Артём Новиковдун иш сапары Ысык-Көл облусунда уланат
Бүгүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер министр Артём Новиков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат.
Анда ал бир катар инфраструктуралык, социалдык обьектилердин, ишканалардын иши менен таанышат.
Буга чейин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер министр жумушчу иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барып келген.

Жакында кеңешчилик кызматка дайындалган Төрөхан Жунусбеков эмгек өргүүсүнө чыкты
Жакында эле "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков жумушунан өргүү алып кетти. Ал өзү акы төлөнбөгөн өргүүгө чыкканын билдирди.
"14-декабрда акы төлөнбөгөн өргүүгө чыктым. Учурда Садыр Жапаровдун талапкерлигин айрым ЖМКлар жазгандай, анын штабынын жетекчиси же штаб мүчөсү катары эмес, жөнөкөй жаран катары колдойм. Ошондуктан анын президент болуп шайланышына жардам берем. Бул менин мыйзамда көрсөтүлгөн укугум. "Мегакомдо" иштегендер мамлекеттик кызматкер болуп саналбайт. Андыктан мамлекеттик кызматта туруп үгүт иштерин жүргүзүп жатат деген да туура эмес. "Талас эли Садыр Жапаров менен" деген жазуу боюнча мен бүгүн БШКга да бардым. Бардык суроолоруна жооп бердим. Алар менин жасаган иш-аракеттерим мыйзам чегинде болгон деген чечимге келешти. Себеби Жапаров Таласка 15-декабрда барган. Мен ал учурда өргүүдө болчумун. Ошол күнү Жапаровдун штабын дагы жетектеген эмесмин, "Мегакомдон" дагы айлык албагам жана үгүтчү болгон эмесмин. Жөн гана сүрөткө түшүп билдирүү калтыргам. Бирок ал жерде элге кайрылуу болгон эмес. Шайлап бергиле деп эч жерде жазган эмесмин. 14-январда өргүүм бүтөт, кайрадан жумушка барам. Бул нерселердин артында мэриянын чатагы турат. Мэрияда бир топ миллионерлердин атын атап, аларга каршылык көрсөтүп, бийликке келгенге жолтоо кылганбыз. Ошолор ар бир баскан изибизден ката издеп, айрым журналисттер аркылуу бурмаланган маалыматтарды кетирип жатат", - дейт Төрөхан Жунусбеков.
Төрөхан Жунусбеков декабрь айынын башында "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп
дайындалган.