Бир суткада COVID-19`дан 201 бейтап айыкты

Соңку 24 саат аралыгында республика боюнча 201 бейтап COVID-19`дан сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикасына ылайык, алар төмөнкү аймактардан.

Бишкек шаары – 108;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 28;
Ош облусу – 12;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 21;
Баткен облусу – 15.

Республика боюнча жалпы айыккандардын саны 181 миң 426ны түздү.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн медициналык жайларында 1 миң 20 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 5 миң 383 бейтап бар.

Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 7 кишинин абалы канааттандырарлык, 667 бейтаптын абалы орто оордукта, 293 бейтап оор абалда жана 53 бейтап өтө оор абалда жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан