Биз социалдык тармакта

"Өлгөн тооктордун үймөгү". Бишкектин четинде өлүк тоокторду көмүү көйгөйү жаралды (видео, фото)

Интернет желесине массалык түрдө өлгөн тоокторду шаардын четине алып барып ыргытып салган сүрөт тарады. Бул маалымат боюнча жерине SUPER.KG порталынын кабарчысы барып кабар алды.

Маалыматка ылайык, аталган жер Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Бек-Тоо дачасы.

"Кечээ, 22-декабрь күнү саат 16:00 чамасында бир КамАЗ өлгөн тоокторду алып келип төгүшкөн. Аны көргөн айыл тургундары ызы-чуу чыгарышкан. Андан соң ээлери келип, бул жерден тоокторду алып кетели дешкен. Бирок айыл тургундары аны түнү менен кайтарып чыгып, тоокту дагы деле ээлерине берише элек. Алардын негизги талабы - тооктордун эмнеден өлгөнүн тийиштүү кызматкерлердин аныктап берүүсү", - деп билдирди жеринен кабарчы.

Тургундардын айтымында, төгүлгөн өлүк тооктор 20 миңдей.

Ал эми тооктордун ээси 16 миң тоок өлүп, анын 3 миңин ушул жерге төккөнүн айтууда. "Калганы сарайда жатат. Ушул жерге төгө бергиле деп айыл өкмөтү уруксаат берген", - деди ал.

Учурда аталган жерде Өкмөттүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Айдарали Сарыков жана башка кызматтын өкүлдөрү иш алып барышууда.

Мал доктурдун айтымында, алгачкы анализдерде тооктордо эч кандай оору болбогону аныкталган. Ошондой эле ал тооктор буга чейин чума же башка ооруларга каршы эмдөөдөн өткөнүн айтууда.

Бишкектин четинде массалык түрдө өлгөн тооктор кайда көмүлөт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tigr1
2020-12-23 13:22:45
дагы жакшы базарга алып чыгып сатып жибербептир
+13
mirkaa5182
2020-12-23 15:42:09
Ошто базарда союлуп сатылып жаткан тооктор ушулар болуп жүрбөсүн.
+8
Nursul
2020-12-23 16:43:48
mirkaa5182, Кудайдан корксо өлгөн тоокторун сатпаса керек. Жаман күмөн кылсаныздар албай туруңуздар да.
+7
al-abu-kinesz
2020-12-23 18:47:33
Жапайы жырткыч айбанаттар жургон жерге тогуп коюш керек
+5
Tynar1213
2020-12-23 18:54:41
Таштандыга төккөнүнө караганда Кудайдан корккон бироо да болбосо жүнүн тазалап сатып дагы жибериши мүмкүн болчу
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан