Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.
Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган.
2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүп, 29-августта алар үй камагына бошотулган.
Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын кароо башка күнгө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталы анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
"Бүгүн Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Бишкек шаардык сотто каралбай калды. Себеби ал киши СИЗОдон сотко алып келинбептир. Мыйзамга ылайык, Ниязов соттук отурумда катышышы керек. Коронавируска байланыштуу СИЗОдон кишилерди алып чыкпай жатышкан экен. Мындан улам соттук отурум 28-декабрь саат 14:00дө өтө турган болду", - деди ал.
Фарид Ниязов Биринчи Май райондук соттун чечими менен 10-февралга чейин камакта калтырылган.
"Ал англис тилинде эркин сүйлөйт". Тилек Токтогазиев жаңы орун басарын дайындады
Айыл-чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин орун басары Амангелди Исаев кызматтан кетип, анын ордуна Бермет Турсалиева дайындалды. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев маалымат жыйынында билдирген.
Токтогазиевдин айтымында, министрликтин тарыхында алгачкы ирет аял киши министрдин орун басары болуп жатат.
Депутаттар 30-декабрдан 8-январга чейин эл менен жолугат
Жогорку Кеңештин депутаттары эл менен жолукмай болушту. Бул тууралуу токтом долбоору кечээ, 24-декабрда парламенттин жыйынында кабыл алынды.
"Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, депутаттар 2020-жылдын 30-декабрдан 8-январга чейинки мезгил аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып баруу чечимине келишти", - деп жазылат токтом долбоорунда.
Айрымдар депутаттар эл менен жолугуу үчүн эмес, жаңы жылдык эс алууга карата жумушка чыкпоо максатында мындай токтом долбоорун кабыл алышканын жазышууда.