Кореяда иштеген кыргыз мугалим: "Бул жакта мугалимдердин айлыгы көп. Сүйүү, үйлөнүү, жар тандоо жөнүндө дагы окутулат" (маек)

Өлкөбүздө тышкы миграция күч алган кезде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди кезиктирүүгө болот. Алар тапкан каражаты менен жеке үй-бүлөсүн гана эмес, өлкөнүн да экономикалык абалын алдыга сүйрөп келишүүдө. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз окуп, иштеп, бир топ ийгиликтерди жаратып, чет өлкөлүктөргө кыргыз улутун таанытып келе жатышат. SUPER.KG порталына Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан Рина Кулбаева маек берди.

Рина Кулбаева 1984-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда туулган. 2006-жылы Кыргыз Улуттук университетинин лингвистика жана улуттар аралык коммуникация бөлүмүн артыкчылык менен бүтүргөн. Учурда Кореянын Сеул шаарында мугалим болуп эмгектенип жатат.

Алгач Кореяга мигранттардын катарында келгем

- Университетти бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы мектептердин биринде 2 жылдай англис тили мугалими болуп иштедим. Бирок айлык маянасы аз болгондуктан убакыт болгондо курстарга да сабак берип, бир учурда 2-3 жерде иштеп калдым. Бирок эмгегим жакшы бааланбай, жакшы айлык төлөнбөй өзүмдүн кесибим боюнча өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр аз болгондуктан 2009-жылы башка эмгек мигранттарындай эле Түштүк Кореяга келгем.

Бул жакка мугалим болуп жумушка кирүү абдан кыйын экен

- Кореяга келгениме 11 жыл болду. Бул жакка жаңы келгенде кимчи жасаган заводдо иштедим. Андан тышкары унаанын тетиктерин чыгаруучу заводдордо да иштеп жүрүп, корей тилин өздөштүргөнгө аракет кылып, тилди да үйрөнө баштадым. Университетке тапшырып, психология багытында билим алдым. Андан кийин өзүмдүн кесибим менен иштегим келди. Ушул багыт боюнча рекламадан орус тили жана адабияты боюнча мугалими керек экенин көрүп, өзүм эле дипломумду, эмгек китепчемди корей тилине которуп, резюмемди жазып жибердим. Андан кийин өздөрү чакырышып, суроо-жооп өткөрүштү. Сабак өткөрүшүп сынактан өтүп, 3 айга сыноо мөөнөтү менен жумушка алышты. Бул жакка мугалим болуп мектепке кирүү кыйын экен. Анткени мугалимдик кесип абдан бааланат, айлык маянасы да жакшы берилет. Ошон үчүн мен дагы мугалим болуп иштеп калыш үчүн абдан аракет кылдым. Түнү бою уктабай презентацияларды жасап, педагогика боюнча китептерди көп окуп, орус тилин, адабиятын жана орус маданиятын окуучуларга үйрөткөнгө аракет кылдым. Окуучулар менин сабагымды жактырышып, коридордон көрүп калышса "Бизге орус тили сабагы дагы качан болот?", - деп сурап калышат.

Кореяда окуучуларга "4", "5" деген баалар коюлбайт. Билим берүү жаатында бир топ айырмачылыктар бар

- Кореяда окуучулар метепте жалпы 12 жыл окушат. Анын 6 жылы башталгыч мектеп деп аталат. Андан кийин 3 жылы орто мектепте, акыркы 3 жылды жогорку мектепте окушат. Мен жогорку мектепте иштейм. Мектепте окуучулар 5 жолу тест тапшырышат. Ошол тесттин баллы менен сабактарга катышуусу каралып, анан орточо балл берет. Ошону баа деп эсептешет. Андан башка өзгөчөлүктөрүн айтып кетсем - бизде физика, химия, биология, астрономия деген сыяктуу кийин жашообузга көп пайдасы тийбеген сабактарды көп өтөбүз. Бул жакта ушул сабактар кошулуп "жалпы билим" деп аталат. Кийин жашоого кереги тие турган сабактар өтүлөт. Андан тышкары эне-тили сабагынын өзгөчөлүгү да бар. Бизде Кыргыз өлкөсүндө эне-тили сабагы болгондо сүйлөмдү жазып алып, баяндооч, аныктоочторду издеп, анын астын чийип өтүлөт. Бул жакта көбүрөөк китеп окушуп, ошол чыгармадан алган таасири тууралуу дил баяндарды жазышып, талкуулоо дебаттары көп өтүлөт. Андан тышкары айырмачылыктары: борго, ремонтко деген сыяктуу акча чогултуу деген болбойт. 100 пайыз мамлекет камсыздайт. Тескерисинче, жакшы окуган окуучуларга стипендия беришет. Мугалимдерге белекке деп акча да чогултулбайт. 15-май - "мугалим күнү" деп эсептелет. Бул күнү гүл берилет. Бирок анын баасы 20 доллардан ашпашы керек. Эгер гүлдүн баасы 20 доллардан ашып кетсе, "пара" катары эсептешип, мугалимдер да албай коюшат. Бул жакта мугалим окуучуга же окуучу мугалимге карата ар-намысына шек келтирген катуу сөздөрдү айтууга болбойт. Кол көтөрүүгө да тыюу салынган. Анткени окуу жана мугалимдин укугун коргоо үчүн мыйзамдар каралган. Кыргыз өлкөсүндөгүдөй Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сыяктуу бир жылда бир экзамен болот. Ал күнү учактарды да учурбайт. Анткени үндөр экзамен тапшырган балдарга тоскоол болот деп экзамен күнү токтотулат.

Андан тышкары унааларда тыгын пайда болуп тоскоолдуктар пайда болбошу үчүн жумушчулар да бир саатка кеч иштерине барышат. Билимден башка адеп-ахлак, тарбия сабактарына дагы көп көңүл бурулат. Мисалы: үй-бүлө деген сабак бар. Бул сабакта сүйүү деген эмне? Үйлөнүү деген эмне? Келечектеги өмүрлүк жарды кантип тандоо керек? Ата-эне болуудан мурда кандай даярдануу керек? Достук деген эмне? Кандай туура тамактануу керек? Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай мамиле жасоо керек? деген сабактар өтүлөт. Окуучулар эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 05:00гө чейин окушуп, мектептен чыгып алып түнкү курстарга барышат. Андан тышкары кайрымдуулук иштерин да жасашат. Мисалы, ноябрь айында кимчинин сезону болот. Ошол убактарда кимчи жасашып, мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана кары-картаңдарга бекер таратышат.

Бул жакта үч эң жогорку делген Сеул, Йонсе, Корё университети бар. Үчөө "Sky" университети деп аталат. Бул окуу жайга бардык окуучуларды кабыл ала беришпейт. Анткени биринчиден баасы кымбат, экинчиден жакшы окуган окуучуларды гана алышат. Ошондуктан окуучулар арасында атаандашуу абдан курч.

Корея маданиятында башка өлкөлөрдө жок "бат-бат" же "тез-тез" деген түшүнүк бар

- Корея Кыргыз өлкөсүнүн аймагына салыштырмалуу кичинекей, жаратылыш ресурстары да жок. Ошого карабастан билимге жана талыкпас эмгекке чоң маани берип, азыркы өнүккөн өлкөгө айланды. Корея маданиятында башка өлкөлөрдө жок "бат-бат" же "тез-тез" деген маданияты бар. Бул ишти тез жана так кылуу же тамакты бат жеп, бардык ишти бат-баттан кылуу керек деген маданият. Бул элдин маданиятында эки чоң майрам бар. Биринчиси "Сунналь" деп аталат. Бул Чыгыш жаңы жылы. Февралдын аягында майрамдалат. Экинчиси "Чусок" деп коюшат. Бул жемиш майрамы сентябрь айында белгиленет. Үйлөнүү тойлорунда тойкананы 2-3 саатка арендага алып, чакан той беришет. Мал союлуп, таң аткыча коноктошпойт. Киши каза болгон ар бир ооруканада атайын сөөктү узатуучу бөлүмү болот. Ошол жерден жакындарына көңүл айтышып, тарап кетишет. Тамак ичүү деген жок.

Колумдан кармап алып, өтүп бараткан адамдардан сурадык... Кореяда жүргөндө эсте калган, кызыктуу күндөр көп эле болду

Корей эли кичи пейил, жардам сурасаң жардамын аябаган калк болот. Кореяга жаңы келгенде метродон бара турган жердин маршрутун жолдон өтүп кетип жаткан улгайган корей аялдан эптеп корейче түшүндүрүп сурасам, ал билбейт экен. Анан ал мага "сен корейче жакшы билбейт экенсин, сурап албасаң жоголуп кетесин. Жүр мен сага жардам берем" деп, менин колумдан кармап алып өтүп бараткан адамдардан сурадык, бирок эч ким билбейт экен. Метродон ылдый түшүп, чыгып жатып жарым саат дегенде метронун дубалындагы картасын таап алып, ошондон карап тапканбыз. Мага англис тилинде аралаштырып түшүндүрүп, "кой жакшы бар" деп, мени метрого отургузуп, саатын карап алып чочуп "сен үчүн барар жериме кечиктим" деген.

Мамлекет мага эмне кылып берет деп күтпөй мамлекетибиз үчүн ар бирибиз салымыбызды кошолу

Кыргыз өлкөсүндөгү билим берүүдөгү коррупцияны азайтуу үчүн эң биринчи мугалимдин коомдогу кадыр-баркын көтөрүп, түйшүктүү ак эмгегине татыктуу айлык маяна төлөп берүү керек. Жаштарга айтарым: Кымбат унаа, телефон, кийимге кызыкпай, билим алууга, чет тилдерин үйрөнүүгө кызыккыла. Социалдык тармактарда отурбай убакытты туура пайдалангыла. Президент же депутаттарды карабай ар ким өзү үчүн окуп, өзү үчүн иштесин. Мамлекет мага эмне кылып берет деп күтпөй мамлекетибиз үчүн ар бирибиз салымыбызды кошолу.

Кайда жүрсөң да чет эл, бирөөнүн жери өзүңдүн элиңдей болбойт экен. Алдыда аспирантура окуум бар. Буюрса тажрыйба топтоп, мекениме барып, мамлекетимдин өнүгүүсүнө салым кошуу бул менин эң башкы тилегим.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asefsa
2020-12-29 01:01:29
Азаматсын, ийгилик!
+7
Shabi
2020-12-29 01:08:39
Онуккон мамлекеттин президенти жакшы болгон учун эмес,Эли мыкты болгон учун онугот окшойт.а бизде ысырапчылык коп чындыгында.
+16
bond0202
2020-12-29 15:55:11
Shabi,ооба,биз бул турушубузда копко чейин онолбойбуз.тапканыбыздын баарын ресторан кафелерге чачабыз.пайдалуу нерсеге иштеткенди билбейбиз.кур намыс дегенден кутулганда гана алдыга жылабыз.ага чейин озубуздогу куноону корбой бийликтегилерди жамандап журо беребиз
+1
Nursul
2020-12-29 20:33:11
bond0202, ооба туура айтасыз. Бизде ошол той аш дегендер ысырап көп болот мисалы 50 акча иштеп тапсаң 80мин же 90 миң берет экенбиз кошумча деген балакетке өлгөнүнө да бересиң үйлөнгөнүнө да бересиң туулганына да бересиң.
+2
AdylbekB84
2020-12-29 01:35:22
Бийик деңгээлдеги маек болуптур! Чет жакта жүрүп бөтөн элдин маданиятын, жүрүм турумун, жашоосун көрүп суктанасың чын эле. Аз калды Кыргызстаныбыз дагы гүлдөгөн өскөн мамлекет болот Аллахым насип этсе!
+16
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-12-29 08:43:10
Мынча сонун.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан