Америкада Эрмек Нурбаев оюн өткөрүп, Эрлан Андашев "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" аталды

"Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаев 27-декабрда АКШнын Чикаго шаарында кыргыздардын башын бириктирген интеллектуалдык оюн өткөрдү. Оюнга жалпысынан 15 команда катышып, мыктылары жеңишке жетишкен.

Иш-чарада Америкада эмгектенип, бирок өз тармактарында ийгилик жаратып жүргөн ырчы, спортчу, алып баруучулар жыл мыктысы наамдары менен сыйланышты.

Алардын арасында ырчы мырза Эрлан Андашев дагы бар. Ал "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" наамын жеңип алды. Мындай кубанычын ырчы өзүнүн инстаграм баракчасына бөлүшкөн.

"Учурдан пайдаланып Эрмек Нурбаев сага рахмат. Ар бир штатта жашап жаткан мекендештерибиздин башын бириктирип, биринчи жолу ушундай жогорку деңгээлдеги оюнду уюштурганыңа терен ыраазычылык билдиребиз", - деп жазды Андашев.

Америкада Эрлан Андашев "Жылдын эң мыкты ырчы мырзасы" аталды
Өгөй атам зордуктады деген 15 жаштагы кыз психикалык ооруканадан чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kari
2020-12-29 14:01:42
Мотивация дагы ийгиликтерди багынтууга.Азаматсын Эрмек.Мигрантарга куч дем бергенине,талантуулардын талантын ташкындатканына рахмат.
+4
nunu77
2020-12-29 14:53:29
Америкадагы кыргыздардын ичинен десеңер туура болчудай
+5
al-abu-kinesz
2020-12-29 16:35:18
nunu77, зато ошонусу менен кызык да жашоо, необычный наам болуп кала берет, уюштуруучулар да креативно ойлонушат ошон учун ушундай наам берди.
+2
kamchatka
2020-12-29 17:04:10
Америкадада жон жантпайт экенсинда Эрмек
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-12-29 17:12:32
Башка улуттар укса шылдын болобуз, сенрн тамашанды тушунуп отурбайт алар. Уят.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан