Фотоальбом: Ырчы Даниелдин бала чактагы, чыгармачылыктагы жана азыркы күнгө чейинки сүрөттөрү бир топтомдо

SUPER. KG порталынын "Фотоальбом" рубрикасы бул жолу ырчы Даниель Бегалиевдин балалык чагынан тартып, чыгармачылыктагы жана жеке жашоосундагы сүрөттөрүн сунуштайт. Даниель буга чейин чыгармачылыкта тыныгуу жасап, жеке бизнес менен алектенип жаткандыгын айткан. Ырчы үй-бүлө куруу тууралуу алдыдагы пландарында бар экенин айтат. Ал эми карьерасында жан дүйнөсүнө жаккан чыгармалардын үстүндө иштеп, жаңы жылда жаңы кадамдар менен чыгууга аракеттенип жатканын билдирди.

Ырчы, обончу, актёр жана модель Даниель Бегалиев 1990-жылы 20-февралда Ош шаарында туулган. "Садагам", "Айдагы сулуу", "Айрылуу", "Сүйүү керемети" жана башка орус тилиндеги чыгармаларды аткаруу менен бирге актёрлук жаатында "Быйыл сөзсүз күйөөгө тийем" тасмасында роль жараткан. "Дүйнө мырзасы-2019" сынагынын катушуучусу. Учурда ырчы Кыргыз өлкөсүндө Жаңы жылды жакындары менен өткөрүүнү пландап жатат.

Үй-бүлөнүн жалгыз уулу Даниель 2 жашта

Бала бакчада тектентик кылып, кыздарга болушуп, балдар менен мушташып жүргөн ырчы 4 жашында

Эң биринчи күйөрманы жана көрүүчүсү таенеси болгон. Конокко келген сайын таенесине токтолбостон ырдап берген Даниелдин ырчылык шыгы бала чактан башталган

"Өмүрүмдөгү эң кымбат адамдарым апам жана эжем"

Жаркыраган кол чабуулар, ыр жаздыруу, интервьюлар... Ушунун баарын ырчы жаштайынан самап, ак тилегине жетүүгө өз эмгеги менен аракет жасап, Ош шаарында Ниязалы атындагы окуу жайдан вокалдык билим алган

Эң биринчи "Садагам" аттуу чыгармасы менен 2007-жылы сахнага чыгып баштаган

"Продюсер Канат Култаев менен Мирбек Атабековдун Оштогу концертинен тааанышып, "Садагам" деген чыгармамды ырдоого уруксат бергенде ушунчалык кубангам. Чыгармачылыкта колдоо көрсөткөн продюсерим кезинде агам эмес, атамдай болгон"

Бала чагынан аскер болууну кыялданган ырчы 2015-жылы аскердик кызматын өтөп, эр жигиттик милдетин аткарган

Экинчи үй-бүлөсү катары көргөн чыгармачылыктагы сахналаштары жана достору менен

Спортту сүйгөн ырчы окуучулук кезинде грек-рим күрөшүнө катышып жүргөн. Учурда спорт залына барып турат

Ырчы туулган күндү шаң-шөкөт менен өткөрүүнү каалабайт. 25 жашын жакындары менен өткөргөнүн эскерет

Музыка каналы 2 жашта. 2014-жыл

Даниель Бегалиев "Дүйнө мырзасы-2019" сынагына катышып, 2-орунду ээлеген

"Эл арасында айтылган ушак сөз, сын-пикирлерге көп көңүл бурбайм. Таарынбайм, тескерисинче сын-пикирлер айтылса сүйүнөм". Анткени кезинде продюсерим Канат Кутаев айткандай "жаман айтабы, жакшы айтабы бул пиар..." дегендей ар бир ушак сөзгө түшүндүрмө берүү маанилүү эмес

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nina.alex
2020-12-31 01:16:06
Ушул врчыны унутуп деле калыпмын чынын айтсам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан