Өлкөдө окуучу кыздар арасында аборт жасатуу фактылары өсүүдө. Бул тууралуу вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева өкмөттүн жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
"Кош бойлуу болуп калган окуучу кыздар ата-энесинен бул нерсени жашырып, жеке клиникаларда аборт жасатып жатышат. Бул кыздардын келечекте төрөбөй калышына алып келиши мүмкүн" , - деген Эльвира Сурабалдиева.
Вице-премьер министр мектептерде 7,8,9-класстар арасында этика боюнча программаларды киргизүү зарылдыгын белгилегени маалымдалат.
"Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептерде этика предмети 5- класстан тарта өтүлөрүн айтып, кыздарга сергек жашоо предметинин алкагында репродуктивдүү саламаттык боюнча курс бар экенин кошумчалады" , - деп айтылат маалыматта.