2020-жыл баарыбызга белгилүү болгондой эле коронавирус пандемиясынан улам Кыргыз өлкөсүнүн спортуна эле эмес, дүйнөлүк спортко чоң таасирин тийгизди. Алсак, ошол эле төрт жылда бир келчү жайкы олимпиада оюндары жана футбол боюнча Европа чемпиондугу кийинки жылга жылдырылды. Мындан тышкары, көптөгөн турнирлер мөөнөтүнөн мурда аяктаса, айрым турнирлер жокко чыгарылды.
27-январь дүйнөлүк спорт үчүн кайгылуу күндөрдүн бири болду. Бул күнү атактуу америкалык баскетболчу Коби Брайант Лос-Анжелес шаарынан алыс эмес жерде менчик тик учагы менен кулап каза болгон. Учакта аны менен чогуу дагы жети киши, анын ичинде Брайанттын 13 жаштагы Жианна аттуу кызы дагы каза болгон.
Кыргыз спортун алсак, 2020-жыл Кыргыз спорту үчүн жемиштүү жылдардын бири болгондугу талашсыз. 18-23-февраль күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбандары ийгилик жаратышты.
Азия Чемпиондугуна эркин күрөш боюнча катышкан кыргыз балбандары жалпы 4 медаль утушту (2 алтын, 2 коло). Алар: 1. 57 килограмм салмакка чейин Бекболот Мырзаназар уулу 3-орун (коло медаль);
2. 61 килограмм салмакка чейин Улукбек Жолдошбеков 1-орун (алтын медаль);
3. 70 килограмм салмакка чейин Исламбек Орозбеков 3-орун (коло медаль);
4. 79 килограмм салмакка чейин Арсалан Будажапов 1-орун (алтын медаль).
Нью-Делиде өткөн бул турнирде грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Азат Салидинов күмүш медалга ээ болсо, Руслан Царев, Ринат Ильяз уулу жана Роман Ким коло байгеге ээ болду. Мындан тышкары Айсулуу Тыныбекова дагы коло байге утту.
Коронавирус пандемиясынан улам 14-мартта башталган Кыргыз Премьер-Лигасы жыл аягына чейин күйөрмандарсыз өтүп, Премьер-Лигада "Дордой" клубу чемпион аталды.
Коронавирус пандемиясынан улам 24-мартта быйыл өтүүчү "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары 2021-жылдын жай айына жылдырылды. Бирок олимпиада ушул эле шаарда ушул эле аталыш менен өтөт.
15-апрелде Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын мурунку оюнчусу, бишкектик "Илбирс" футболдук клубунун балдар машыктыруучусу жана белгилүү футболчу Рустам Закиров 30 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
10-майда АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде Жастин Гэйтжи Тони Фергюсонду техникалык нокаутка учуратып, сенсация жаратты.
3-июлда UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов коронавирус инфекциясынан улам 57 жашында каза болду.
19-июлда "Атаман" каймана аты менен таанылган белгилүү кыргыз мушкери Рафаэль Физиев Абу-Даби шаарында өткөн "UFC Fight Island 2" турниринин алкагында англиялык мушкер Марк Диакисенин үстүнөн жеңишке жеткен.
24-августта Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалдык беттеши болду. Финалда Франциянын "ПСЖ" клубу менен Германиянын "Бавария" клубу кез келип, 0:1 эсебинде германиялык клубдун жеңиши менен аяктады. Муну менен "Бавария" клубу өзүнүн тарыхында алтынчы ирет Чемпиондор Лигасын жеңди.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында UFC 254 турнири өттү. Турнирдин негизги беттеши болгон орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы америкалык мушкер Жастин Гэйтжини экинчи бөлүктө муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.
3-ноябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча президенттин Кубогу старт алды. Бул турнирде көк бөрү боюнча Жогорку Лигадагы жана Биринчи Лигадагы командалардын ортосундагы оюн өттү. Жыйынтыгында Жогорку Лигада "Ынтымак" командасы жеңүүчү аталса, Биринчи Лиганы Көлдүн "Мурас" командасы жеңди.
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан UFC 255 турниринде кыргыз мушкери Валентина Шевченко кезектеги чемпиондук титулун 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майяга каршы коргоду. Беттеш беш бөлүккө созулуп, калыстардын бирдей чечими менен Шевченко жеңүүчү болуп табылды.
Муну менен Валентина Шевченко 2018-жылы жеңип алган чемпиондук курун төртүнчү ирет татыктуу деңгээлде коргоду.
Футбол тарыхындагы эң легендарлуу оюнчулардын бири болгон аргентиналык футболчу Диего Марадона 25-ноябрь күнү күтүүсүздөн жүрөгү сокпой калып, Буэнос-Айрес шаарында каза болду. Легендарлуу футболчу 60 жашында бул дүйнө менен кош айтышты.
6-декабрда Кыргыз боксу оор жоготууга учурады. Бокс боюнча улуттук кураманын мурдагы башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов каза болду. Ал 58 жашта болчу.
12-18-декабрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогу өттү. Бул дүйнө Кубогуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 20 балбан катышып, 3 алтын, 5 коло медаль утушту. Турнирге 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогунда мыкты спортчу аталды.