"Анын сөккөнү да бар, өпкөнү да бар". Балбак Түлөбаев Гуля Алмамбетовага сыйлык берерин айтты

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мурунку мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетованын кызматтан алынышы боюнча комментарий берди.

Ал маалымат жыйын учурунда кесиптеши менен тил табыша албай калганын жана ага пандемия шартында катуу иштегени үчүн ыраазычылык баракчасы тапшырыла турганын билдирди.

"Албетте аны жаран, аял катары мен сыйлайм, бирок аны менен иштей албайм. Анын көз карашы, философиясы башка. Шаар өзгөрүүдө, саясат өзгөрүүдө, эгер мен кимдир бирөө менен иштегим келбесе иштебей, алдыга жылышым керек. Албетте ал пандемия учурунда абдан жакшы иштеди, ал үчүн мэрия тарабынан ыраазычылык барагы ыйгарылат. Рахмат деп анын өзүнө деле айтканмын. Мен ким сөксө да кечирем, менин милдетим ошол. Анын сөккөнү да бар, тепкени да бар, өпкөнү да бар. Анын айткандарына көңүл бөлбөйм, кечирип койсун", - деди Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bessmertiy
2020-12-30 15:15:12
Азырак сүйлөп ишке өтүң Балбак мырза. Оштун мэрин көрүп атсаңыз керек, кандай иштерди жасап жатканын. Бир катынды эле улам-улам айта бербей.
+9
Sonyasonya
2020-12-30 15:31:41
bessmertiy,Бир катынды эле сурап атышса айтат да. Кызык эле калкпыз негизи,эч нерсе жакпайт. Озубуздун ниетибиз,тушунугубуз озгормойун башчыларыбыз да Адам болбойт
0
bessmertiy
2020-12-30 15:35:53
Sonyasonya, Менин жазганымдын маанисин түшүнбөй калыпсың. Ошол бир катынга алаксыбай ишти кыла бериң, Оштун мэрин көрүп жатасыз. Оштун мэринен эмнеңиз кем, иштеңиз сиз дагы деген мааниде жазгам.
+7
bond02
2020-12-30 15:33:12
Бу Балбак, Анжеликага окшош экен чарчабай ар нерсени айтып чыга берет экен.
+7
asan.toluktuk
2020-12-30 18:02:07
Балбак президентике койгондо колдойт элем. Кыргызстанда эң таза иштеген ушул эле адам. азыр кимди шайлаарымды билбей башым катып жатат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан