Ошто дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыз Бишкекте табылды

Бишкектин Ленин райондук милициясы дайынсыз болуп жоголуп жаткан өспүрүм кызды аман-эсен таап беришти. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 15 жаштагы кызы ошол күнү Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иш-чаралары башталган.

29-декабрь күнү өспүрүм кыз Бишкек шаарындагы "Ош базарынан" саат 20:00 чамасында табылган.

Учурда кызматкерлер толук тийиштүү иштерди аткарууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
maksat_osh
2020-12-30 17:39:11
кыздыгын текшергиле
+6
Lina2020
2020-12-30 18:58:52
maksat_osh, Тообо кылдым ай. Байкуш атаны көрүп алып ыйлагым келди. Алыста жүрүп атамды сагынып араң жүргөндө.
+3
maksat_osh
2020-12-30 17:39:26
ош базардын жаны бутле сойкукана
+4
Chungyz
2020-12-30 17:53:39
Сурот кызык экен экоо козу жабык учунчусу розу жабык
+5
Asmat84
2020-12-30 18:30:13
Ата энесин азапка салган айбан келгиң келсе жөн эле келбейсиңби качпай
+3
nazira...
2020-12-30 22:32:43
15 жаштагы кыз нени билет эле, башка.бирөө алып келген да алдап. 15 жаш, жапжаш школьница. Кудааай баарыбызда кыз бвр,бул жалган дүнүйөнүн жамандыктврынан баарынан сакта, ыйман бер жараткан пенделерине.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан