Бир суткада 11 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 9;
Жалал-Абад облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1.
Жалпысынан республика боюнча 4 миң 380 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен 4 миң 291и сакайган.