Ошко Москва шаарынан 15 медициналык кызматкер учуп келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда медиктерди "Ош" эл аралык аэропортунан Ош шаарынын вице-мэри Эмилбек Шадыханов тосуп алганы айтылат.
"Кыргыз өлкөсүндөгү кесиптештерине COVID-19 жана пневмония менен күрөшүүсүнө жардам берүү үчүн келген дарыгерлерди тосууга жергиликтүү калк да келген. Аларды салтанаттуу түрдө кучак толо гүл менен тосуп алышты", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 18-июлда "Ош" эл аралык аэропортуна "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттамы менен 153 Кыргыз жараны кайтып келгени жана алардын арасында медицина кызматкерлери дагы бар экени кабарланган.