Биз социалдык тармакта

Өлкөдө тирүү малды экспорттоо үчүн бир аптага уруксат берилди

Чет өлкөгө тирүү малды жана айыл чарба продукцияларын экспорттоого коюлган чектөө бир аптага алынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн 19-ноябрдагы токтомуна ылайык мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынганы маалым. Эми Өкмөттүн 2020-жыл, 30-декабрындагы №638 токтомуна жараша мурда кабыл алынган документке өзгөртүүлөр киргизилди. Ага жараша өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган продукцияларды 2021-жылдын 8-январына чейин экспорттоого жол ачылганы маалымдалат.

"2020-жылдын 19-ноябрында кабыл алынган токтомдун жардамы менен эт, май, жумуртка сыяктуу биринчи кезекте керектелүүчү азыктардын баасын төмөндөтө алдык. Тыюу салуу боюнча биз бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Мурда алынган маалыматтарды дагы бир жолу тактадык. Ишкерлер чет өлкөлүктөр менен мурдатан түзүлгөн келишимдеринин аткарылбай калганын айтышты. Ошондуктан биз аларга бир жумалык коридор ачып бердик. Ал эми жүгөрүнү экспорттоо тыюу салынган товарлардын тизмесинен чыгарылды. Себеби анын көлөмү расмий маалыматтарга караганда 100 эсеге көп экен. Бул нерсени ассоциациянын өкүлдөрү тыюу киргизилгенден кийин билдиришти. Эми алар маалыматтарды жашырбай, ачык көрсөтүш керектигин түшүнүп калышты" - деген министр Тилек Токтогазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Kattaldym
2021-01-02 00:08:49
Азыктардын баасын төөмөндөтө алдык деп эмне дөөрүп атат? Түш көргөн го?
+10
zam81
2021-01-02 04:19:09
Базарга жонокой кийинип келип бааларды билип кетчи анан айткыла текшергени баратабыз деп айтып алып келбей кандай кымбат экенин билесинер
+3
Mirnar
2021-01-02 10:25:40
Бизикилер эл кайсы акчасына жашап атканы кызыктырбайт! Мед. коллежде 32.000 контракт толоп окуп 3000 айлыкка иштейт. Базарда эт 450 сом. 1 айга 1 кг этти жеткизип жеш керек. Калганын жол акы......... Баарына жеткизиш керек
+5
Chyngyzbek
2021-01-02 10:41:31
Акча тушпой калганго чонтоко,жаны жыл отору менен ачып калышыптыр каяктагы келишимдерди айтып
+2
Infiniti075
2021-01-02 10:54:00
Силер тыю салганга чейин эттин баасы 400 сом болчу! Тыю салгандан кийин 420 сом болду. Чындык жетеби бийликке!! Массалык маалымат каражаттары адамдардын бир жерин чукубай, элдин койгойун жеткиргиле!!
+5
bond0202
2021-01-02 12:22:01
продуктулар баары кымбаттады.бензин кун сайын кымбаттап жатат.жаны бийлике келгендердин элге кылган жакшылыгынын башталышы
0
Amai
2021-01-02 12:49:34
Мен каршымын эми дагын кымбатайт.
+2
muras111211
2021-01-02 16:12:07
Мен каршымын .
Баа томондобой эле тескерисинче осуп жатат го.Текшерген эчиким жок
+5
Aky12
2021-01-02 18:23:37
Жугору каякта 100 эсе коп, быйыл жылдагыдан кымбат болтат го, жем ала албай жатабыз,жугоруго чектоону албай эле койсонор болмок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан