Эрбол Атабаев
Эрбол Атабаев 2001-жылы 15-августта Чүй облусунун Кант шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинен тарта футболго болгон шыгы артып, көпчүлүктүн көзүнө илине баштаган. 6 жашынан баштап Кант шаарынын "Абдыш-Ата" футболдук клубунда тарбияланып баштап, 9 жашында орусиялык "Рубиндин" мектебине барган. Ал жакта 2 жыл ойноп, футболдук шыгын өркүндөткөндөн кийин дүйнөгө белгилүү Испаниянын "Барселона" клубунун академиясына кабыл алынган. 2014-жылы 2 жылдык окуусун ийгиликтүү аяктап, "Каталониянын" үчүнчү командасы болгон "Оспиталетке" кирген. Кийинчерээк "Гава", AEJMG клубдарында ойноого жетишкен Атабаев учурда Испаниянын "Гранольерс" клубунун футболчусу.
Автандил Дүйшеев
Автандил Дүйшеев учурда Түркиянын эң белгилүү футболдук клубдарынын бири "Бешикташтын" жаштар курамынын капитаны. Ал 5 жашынан баштап футбол менен алектене баштаган. Бишкектеги "Sun City" клубунда ойноп жүрүп, 2014-жылы түркиялык "Фенербахченин" кароосунда болуп, бирок аны командага албай коюшкан. Шаабайы сууй түшкөн Автандилдин ата-энесине "Фенербахченин" элдешкис атаандашы, Стамбулдагы ири клуб "Бешикташ" жардамга келген. Ошол убактан тарта "Бешикташтын" курамында ийгиликтүү ойноп келет. 11 жашында Европа өлкөлөрүнүн арасындагы эл аралык мелдештердин мыкты футболчусу аталган.
Бекназ Алмазбеков
15 жаштагы Бекназ Алмазбеков Түркиянын дагы бир топ клубу "Галатасарайдын" оюнчусу. Кыргыз футболдук союзунун алдындагы футболдук борбордо спортко болгон алгачкы кадамын таштаган Алмазбеков учурда "Галатасарайдын" жаштар командасынын капитаны. Чабуулчу 13 жашында туура эмес коюлган пенальтини атайлап дарбазадан сыртка тээп, футбол сүйүүчүлөрүнүн оозуна алынган. Анын мындай аракети дүйнөлүк Daily Mail, The Guardian, New York Times сыяктуу басылмалары тарабынан жазылып, атактуу футболчу Гари Линекердин мактоосуна татыган. Алмазбеков Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча жаштар курамасында бир нече оюн өткөрүүгө жетишкен. "Галатасарайдын" техникалык директору маектеринин биринде кыргыз футболчусуна англиялык "Манчестер Юнайтед", "Тоттенхэм" клубдары кызыгуу артып келишерин билдирген.
Гүлжигит Алыкулов
Гүлжигит Алыкулов 2000-жылдын 25-ноябрында жарык дүйнөгө келген. Буга чейин "Кара-Балта", "Алга" жана беларустук "Неман" клубдарында ойноп келсе, учурда казакстандык "Кайрат" клубунун футболчусу. 2019-жылдын 11-июнунда алгачкы жолу Кыргыз курама командасынын катарында оюн өткөргөн. Өткөн жылдын 27-августунда Европа Лигасынын алкагында армениялык "Ноа" клубу менен болгон оюнда Гүлжигит Алыкулов 12-мүнөттө эсеп санын ачып бул мелдештеги алгачкы голун жараткан. Муну менен Алыкулов Европа Лигасында гол киргизген биринчи кыргыз футболчусу болуп калган. Азия футбол конфедерациясы тарабынан аныкталган Орто Азиянын 7 мыкты жаш оюнчусунун катарына Бекназ Алмазбеков менен биргеликте белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Гүлжигит Алыкулов да кирген.
Ильзат Ахметов
23 жаштагы футболчу Ильзат Ахметов учурда ЦСКА клубунун жана Орусия курама командасынын оюнчусу. Ал Бишкекте туулуп, бала кезинде "Алга" футболдук клубунда алгачкы футболдук тарбиясын алган. Кийинчерээк Орусияга көчүп кетип, Юрий Коноплёв атындагы футбол академиясында окуган. 16 жашында "Рубиндин" негизги курамында оюнга чыгып, казандык клубдун негизги курамында ойногон эң жаш оюнчу аталган. 2018-жылдын июль айынан бери "ЦСКА" клубунда ойноп келет.
Ахметов Орусия жарандыгын алып, футбол боюнча Кыргыз курама командасына ойноодон баш тарткандыгы кыргыз футбол сүйүүчүлөрү тарабынан сынга кабылган. Ал орус журналисттерине берген маектеринин биринде "Чынында "өлкөбүздү сатып кеттиң" деп жазышса ыза болом. Бирок мен аны жүрөккө жакын кабыл албайм. Анткени бул абалды түшүнгөндөр менин чечимимди туура кабыл алышат. Мен өлкөмдү саткан жокмун, тескерисинче, туулган жеримдин атагын чыгаргым келет", - деп жооп берген.
Эмир-Хан Кыдыршаев
УЕФАнын рейтингинде Европа чемпиондуктарынын сап башында турган испан лигасынын "Леванте" клубунан жакында эле саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев чакыруу алды. 15 жаштагы футболчу аталган клуб менен келишим түзсө Лионель Месси, Серхио Рамос, Эден Азар сыяктуу дүйнөлүк футбол жылдыздары менен оюн талаасында беттешип калуусу мүмкүн.
Кыдыршаев Бишкектеги "Дордой" клубунун жаштар курамында жана Оштогу FIFA`нын академиясында ойноп, кийинчерээк Италиянын Паоло Росси футболдук академиясын ийгиликтүү бүтүргөн. Андан кийин Италиянын 4-дивизионунда "Перуджа" клубунун курамында жарым жыл ойноп, учурда жогоруда айтылган "Леванте" клубунун кароосунда жүргөн чагы.