"Ууланганын билбей, таңдан чыкпай калышат". Иске ууланып калбоо үчүн эмне кылуу керек? Адис жооп берет

1-январдан 2-январга караган түнү Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында жаш келин 3 баласы менен көмүр исине ууланып каза болгон окуя катталды. Бир үй-бүлөдөгү 4 өлүм азыркы тапта коомчулуктун кабыргасын кайыштырып турат. Анткени көмүр иси уулаган балдардын улуусу 9 жашта, кичүүлөрү 4 жаштагы эгиздер болсо, алардын энеси болгону 30 жашта болгон.
Өлкө аймагында көмүр исине ууланып каза болгон бул биринчи окуя эмес. Буга чейин да мындай окуялар катталып келген. Кыргыз өлкөсүндө көпчүлүк үй-бүлөлөр көмүр жагып күн кечирет. Ошондуктан эртең да мындай окуя болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындан улам биз Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын Ченемдик-техникалык иштер боюнча жана өрттү иликтөө бөлүмүнүн майору Аскат Мукановго бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Сузакта болгон окуя коомчулуктун кабыргасын кайыштырып турат. Адис катары айтсаңыз иске ууланып калбоо үчүн эмне кылуу керек?

- Өрт коопсуздук мезгили жайкы жана кышкы деп бөлүнөт. Кышкы өрт коопсуздугунун кесепети от жагуулар жана электр энергиясын туура эмес колдонуудан келип чыгат. Электр мешин колдонууда абайлоо керек. Мисалы жатар маалда мештерди бири-бирине жакын койбоо талапка ылайык. Анткени ал тез күйүүчү стеналарга, паластарга кулап калышы мүмкүн. Көмүрдөн тышкары эң коркунучтуу ис бул пахтадан келип чыгат.

Тагыраагы, бул төшөнчүлөрдүн ичиндеги кебез. Кебез аябай жалындап күйбөйт. Ал быкшып, түтөп андан ис чыгат. Буга да адам баласы бат ууланып калуусу мүмкүн. От жагууда көмүр мештерин кышкы от жагууга даярдоо, морлорун тазалоо мешке от жагууда отту туура калап, оозун аба кире тургандай кылып ачык калтыруу керек. Булар майда болгону менен кесепеттердин алдын алат.

Экинчиден азыр бизде заманбап деп очок мештерин салып жатышат. Мурун Кыргыз үйлөрдө морду үйдүн ичине кирпичтин ичинен алып чыгышчу. Азыр темирден эле үйдүн сыртынан алып чыгып жатышат. Бул да кооптуу. Түнкү учурда бир мезгил болот, түн ортосунда аба муздаганда сырттагы аба ичине үйлөп чыгат. Ошондо ис үйдүн ичине кирет. Бул учур да эң коркунучтуу. Булардын алдын алуу боюнча электр приборлорун туура колдонуу, от жагууда да отту туура жагуу маанилүү.

- Ушундай окуяларга жоопкерчилик алган орган барбы, мындай болмуштарга ким жооптуу болот?

- Мындай окуяларга так бир органды жооптуу деп айтуу кыйын. Буга чынында жарандын өзүнүн шалаакылыгы себеп. Адам баласы турмуш куруп баштаганда эле баарын билип, өз өмүрүнө жоопкерчилик менен караш керек. Былтыр да мындай кейиштүү учур катталган. Электр чубалгыларын кесип кеткен учурда келин үйүнө от жаккандын ордуна жөн эле тазикке чок салып келип уктап калышкан. Бул окуя Таласта катталган.

- Сиз иштеген мекеме ушундай окуялардын алдын алуу үчүн кандай иштерди жүргүзөт?

- Биз алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турабыз. Биздин кызматкерлер айыл жергесиндеги үйлөргө үгүт наасат менен барып, нускамаларды өтүп турушат. Мисалы азыр сиздер аркылуу коомчулукка айтып жатканыбыз да алдын алуу иштерине кирет деп эсептейм. Окурман, көрөрмандар ушул маалыматтарды окуп койсо ашыкча болбойт. Электр приборлорунун жанына кийим-кечектерди койбош керек.

- Иске ууланган учурда кандай жардам көрсөтүлөт?

- Иске ууланган учурда бөлмөнүн ичинен жыт сезилсе, милдеттүү түрдө терезелерди ачып, абаны тазалоо зарыл. Эгер адам өзүн иске ууланганын сезип калса, дароо эшикке чыгуу керек жана Тез жардам чакыруу талапка ылайык. Эгер ал эс-учунан кетип калган болсо, жабырлануучуну көмкөрөсүнөн жаткырбастан капталынан жаткырып дем алдыруу керек. Анткени көмкөрөсүнөн жаткан учурда адам кысылып калат.

Капталынан жаткырып, иске ууланган адамдын тилин чыгарыш керек. Анткени бул жабырлануучунун тумчугуп калбоосун алдын алат. Эң эле коркунучтуусу үйдөгү истин жытсыз болгону. Ошондуктан уктаар алдында мештерди карап, терезелерди ачып бир ирет бөлмөнү желдетип коюш керек. Кээде уктап жаткан адам иске ууланганын билбей, таңдан чыкпай калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muras111211
2021-01-04 18:14:12
Кудайым баарыбызды сактасын!
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан