Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн алдында белгисиз аял киши өзүн-өзү өрттөмөкчү болгон. Аны милиция кызматкерлери токтотуп калышкан. Анда ал күйөөсү жалган жалаа менен камалганын айткан. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев аял эмне себептен өзүн-өзү өрттөмөкчү болгонун жана бул үй-бүлөдө орун алган окуянын чоо-жайын айтып берди.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 28-февралында Сузак районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылдын 26-декабрь күнү саат 19:30 чамасында 13 жаштагы кызын Умид аттуу бала, кызыл түстөгү Тико үлгүсүндөгү унаада күч колдонуу менен зордуктап койгондугун билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бул факты Сузак РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөө учурунда шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө жабырлануучуну, кызды тааныбай турганын, жана жыныстык катнашка барбаганын ошондой эле кызыл түстөгү Тико унаасы болбогондугун билдирген. Бул иш экспертизалардын жана иштин ичиндеги материалдардын жыйынтыгы менен шектүүнүн күнөөсү далилденбегендиктен кылмыш иш өндүрүштө турган.
2020-жылдын 8-декабрь күнү жабырлануучу кыз (азыр 15 жашта) Сузак РИИБине арыз менен кайрылган. Анда ал Умид аттуу бала аны зордуктабаганын апасына жалган айтканын, чындыгында аны 1984-жылы туулган өгөй атасы зордуктаганын айткан.
Бул окуя боюнча 8-декабрда бул үй-бүлө жашаган үйгө кароо жүргүзүлүп, окуя болгон учурда жаткан төшөктөр, кийимдер жана жабырлануучунун айтуусу боюнча окуя болгон күнү жыныстык катнаштан кийинки аарчынган чүпүрөк далил буюм катарында алынып, соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.
Ошол эле күнү 23:30 чамасында шектүү кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 10-декабрь күнү сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, 2 айга камакка алган.
Дайындалган соттук-биологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык далил катары алынган кесинди чүпүрөктөн жана жабырлануучу жаткан төшөктөн эркектик урук табылып, ал шектүү М.М.га тиешелүү экенин билдирген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө деп кошумчалайт басма сөз кызматы.