Оштун "Алай" футболдук клубуна жаңы тажикстандык машыктыруучу дайындалды

Оштун "Алай" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп тажикстандык спорт чебери Нумонжон Юсупов дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Марат уулу Нуристан билдирди.

"Нумонжон Юсупов АФКнын машыктыруучулук "А" лицензиясынын ээси жана ошондой эле футбол боюнча Тажикстандын спорт чебери. Аны менен 1+1 келишими түзүлдү. Нумонжон Юсупов буга чейин Тажикстандын белгилүү "Истиклол" жана "Худжанд" клубдарын машыктырган", - деп билдирди ал.

"Алай" клубу былтыркы сезондогу өлкө кубогунун финалында канттык "Абдыш-Ата" клубун 1:0 эсебинде утуп, чемпион аталган. Бул көрсөткүч менен "Алай" клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) тайпалык баскычына жолдомо ала алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Real_mir
2021-01-05 16:32:24
Кыргызстан да жокбу
+1
bessmertiy
2021-01-05 17:06:22
Real_mir, Айбек Татанов машыктыруучу болуп турганда Алай клубу жакшы ойношчу. Кийин Бакытбек Маматов машыктыруучу болгондо Алай клубу артка кетти. Эми көрөбүз го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан