Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго Караколдо тартылган сүрөт үчүн эскертүү эмес, айып пул салуу чечимин кабыл алды.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдирди.
“Театрлаштырылган көргөзмө үчүн Жапаровго эскертүү берилген жок. Бирок комиссия тарабынан талапкерге айып пул салуу сунушталып жана ушул чечим кабыл алынды”, - деди Бекматов.
Буга чейин президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда тартылган сүрөт интернет колдонуучуларынын талкуусуна алынганы маалымдалган.
Сүрөттөн бир нече киши кундуз жакалуу ичик, тебетей кийип Садыр Жапаровдун маңдайына тизилип, алардын бири алаканын кенен жайып бата берип жатканын көрүүгө болот.