Мукар Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөт өкүлдөрү баш болгон 100гө чукул адам катышты

Легендарлуу парламенттин мурунку спикери Мукар Чолпонбаевдин сөөгү бүгүн, 25-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Маалыматка ылайык, сөөктү жерге берүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, президенттин өкүлү Курманбек Дыйканбаев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов катышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындан сырткары акыркы сапарга узатуу зыйнатында маркумдун туугандары, достору, кесиптештери болуп жалпы 100гө чукул киши болгон.

Чолпонбаев кечээ, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан улам каза болгону маалымдалган.

Белгилей кетсек, Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кийинчерээк бейтапты дарылоо оор өтүп жатканы тууралуу айтылган.

Көп өтпөй Мукар Чолпонбаевдин жубайы да коронавирус жуктуруп алганы маалым болуп, анын Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштегени айтылган.

23-майда Мукар Чолпонбаев коронавирустан айыкканын анын кызы Нуриля Чолпонбаева социалдык баракчасына жазып чыккан.

"Атамда эми коронавирус жок. Биз илдеттин кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Абалы орто, жасалма дем алдыруучу аппарат аркылуу дем алууда. Тамактанып калды. Жакшы болуп баратат. Эми убакыт гана керек", - деген ал атасы тууралуу билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
talant87
2020-05-25 17:44:27
Неге башка вирус дегендерге уйунода койбойт бул адамга болот же вирус жукпайбы бул оруу бай кембагал дебейт
+2
arstanbap02
2020-05-25 17:58:09
Олгон адамдан вирус жукпайт бекен?
+1
suluktu
2020-05-25 18:26:24
Эч тушунбойсун буларга, коронавирустан каза болгондордун эн жакын адамдары гана катыша алат деген го.
0
filis
2020-05-25 18:57:37
тенирим жаткан жерин жай кылсын.
-2
Aikaaaa
2020-05-25 19:57:40
Мейли жукса жуксун ушуларга, депутаттар барган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан