Биз социалдык тармакта

Ички иштер министринин орун басары: "ИИМ саясий маселелерге катышпайт"

Өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда өткөн маалымат жыйында айтылды.

"Айрым адамдар социалдык тармак аркылуу кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жатканын билебиз. Мындай учурлар коомго же мамлекетке гана зыян келтирбестен республиканын башка жарандарына дагы коркунучтарды жаратууда. Мындай билдирүүлөр жана мыйзамсыз аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет",- деп билдирди Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.

Ошондой эле ал ИИМ саясий маселелерге катышпай тургандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан