Өлкөдө шайлоодон кийин өлкөнү туруксуздаштыруу абалы келип чыкса милиция кызматкерлери тарабынан күч колдонулбайбы? - деген суроого Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов "ооба, колдонулбайт", - деп жооп берди.
Орун басар алдын-ала өлкөнү туруксуздаштырууга ар кандай күчтөр тарабынан, эч кандай басып алуу болбой турганын билдирди.
"Укук коргоо органдары тарабынан күчөтүлгөн тартип менен иш жүргүзүлөт. Андыктан кандайдыр күчтөр тарабынан басып алуу же биз тараптан курал колдонуу болбойт", - деди Урмамбетов.